Түрк басмасөзү  21.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1949155
Түрк басмасөзү  21.02.2023

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Шаарларыбызды кайрадан курабыз» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жер титирөөдөн жабыркаган Хатайда иликтөө жүргүзгөндүгүн билдирди. Эрдоган шаарлардын  турак жайларын, иш жерлерин, өнөр жайын, айыл – чарбасын жана тарыхын, маданий баалуулуктарын кайрадан курушарын айтты. Эрдоган : «Эч бир жараныбызды кайрадан турмушун, келечегин курууда жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түрктөр ылдам калыбына келип жатат» деген кабарында Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдөн кийин эл аралык жардамдашуулардын үзгүлтүксүз улантылып жаткандыгын жазган. Жардам берген чет элдик топтордун Түркиянын ылдам калыбына келишине жана түрк калкынын меймандостугуна да  баа беришүүдө. Түркияга келген Пакистан Аль Хидмат фонду командасысынын мүчөсү Сарфараз Шайх : «Түрктөрдүн ылдам калыбына келүү жөндөмдүүлүгү бар»,-деди.

«Стар» гезити «Грециядан Европа Биримдигине Түркия тууралуу чакыруу» деп жазып, Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Европа Биримдиги катары Түркияга колдоо көрсөтүлүшү керектигин билдиргенин белгилеген. Дендиас Кахраманмарашта болгон жер титирөө тууралуу : «Биринчи жолу болгон, абдан чоң апааттан сөз болуп жатат. Абдан чоң жардам жана колдоо керек»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу : Ф  - 16  процессинин ылдам акырына чыгышы эки тараптын пайдасына болот» деген макаласында америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс  - жыйын өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ф  - 16  аскердик учактар тууралуу АКШ башкаруусунун талапка колдоо бергендигин белгиледи жана процесстин ылдам акырына чыгышы  эки тараптын пайдасына болорун айтты.

«Ватан» гезити «Стамбул аэропорту Европанын алдыңкысы» деген кабарында Стамбул аэропорту 13 – 19 -  февраль күндөрү 1280 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болгондугун кабарлаган. Стамбул аэропртунан кийин күнүмдүк орточо 1152 каттам менен Лондон Хитроу аэропорту экинчи, Париж Шарль де Голль аэропорту 1121 каттам менен үчүнчү, Амстердам аэропорту 1,51 каттам менен төртүнчү, Мадрид аэропорту 993 каттам менен бешинчи орунда.



Тектеш кабарлар