Түрк басма сөзү 17.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1947585
Түрк басма сөзү 17.02.2023

«Ватан» гезити «Жакшы үмүт үзүлбөйт» деген кабарында кылымдын апааты болгон Кахраманмараштагы жер титирөөлөрдүн 12 – күнүндө Хатайдын Антакия районундагы Одабашы мааласында имаараттын урандысынан 26 жаштагы Мехмет Али Шакироглу жана 34 жаштагы Мустафа Авжы апааттын 261 -  саатында аман куткарылгандыгын билдирген.

«Стар» гезити «Дүйнө Алейна тууралуу сөз кылып жатат» деген маалыматында Кахраманмарашта жер титирөөдөн 11 күндөн кийин издөө -  куткаруу топтору тарабынан урандыдан чыгарылган 17 жаштагы Алейнанын саламаттыгы дарыгерлерди таң калтыргандыгын, Британиянын Daily Mail гезити 248 сааттан кийин урандылардын астынан жаш кыздын чыгарылышын окурмандарына "Ишенүү абдан кыйын" деген темада билдиргендигин кабарлаган.

«Хабер түрк» гезити «НАТОдон колдоо сапары» деп билдирип, Түркияда болгон жер титирөөлөрдөн кийин НАТОнун баш катысы Йенс Столтенбергдин Түркияга келгендигин жазган. Тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу менен жолугушкан Столтенберг : «Бул союздаштык жерлеринде болгон эң чоң апаат»,- деди. Столтенберг : «НАТО союздаштары колдоо берүүнү улантат»,- деди.

«Сабах» гезити «НАТО контейнер шаар курууда» деп жазып, тышкы иштер министри Чавушоглунун НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөгөндүгүн кабарлаган. Эпицентри Кахраманмараш болгон болгон жер титирөөдөн улам Чавушоглу НАТО Кеңешинин 3 миң киши жашай ала турган контейнер жана чатыр жиберүүсүнө чечим чыгаргандыгын белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу : НАТОнун  кеңейтилишин жактайбыз» деген маалыматында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу : «НАТОнун кеңейүүсүн жактайбыз, бирок Швеция баш болгон эки өлкөнүн тең ташташы керек болгон кадамдар бар»,-дегенин белгилеген. Чавушоглу Швециядагы Куран Карим провокациясы жана жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ колдоочуларынын кыймылдарына көңүл буруп : «Бул эч  жакшы болгон жок»,-деди.



Тектеш кабарлар