Түрк басма сөзү 28.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1924498
Түрк басма сөзү 28.12.2022

«Хабер түрк» гезити «Кара деңиз газы март айында колдонула баштайт» аттуу кабарында Түркиянын Кара деңизде жалпы 1 триллион долларлык 710 миллиард метр куб жаратылыш газ корун тапканын билдирген. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез: «Март айынын акырында системага биринчи газды беребиз»,- деди.

«Стар» гезити «Дүйнө жүзү Түркия жөнүндө сөз кылып жатат» аттуу маалыматында Кара деңизде табылган жаңы жаратылыш газ корунун дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алганын жазган. Кабарларда Түркиянын көбөйгөн газ запастары тууралуу маалыматтар камтылды. Сакария кениндеги резервдердин ойлогондон дагы көбүрөөк көрүнгөндүгү баса белгиленди.

«Ватан» гезити «THY Шанхайга каттамдарын баштайт» аттуу кабарында акыркы убакка чейин "нөл Ковид" саясаты менен абдан катуу чараларды көрүп келген Кытай 8-январдан тарта өлкөгө келген жүргүнчүлөр үчүн карантиндик милдетти алып салаарын жарыялаганын билдирген. Түрк аба жолдору (THY) болсо 13-январдан тарта Шанхай каттамдарын баштоону пландоодо.

«Йени Шафак» гезити «Сабиха Гөкчен аэропорту рекорд койду» аттуу маалыматында Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропорту 24-декабрда чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдүн саны боюнча 29 миң 162 киши менен тарыхый рекордду жаңылады. 24-декабрда 29 миң 162 жүргүнчү эл аралык каттамдар менен Стамбулга жетти.

«Сабах» гезити «Стамбул биржасы инвесторлордун көздөгөнү» аттуу кабарында киреше издеген инвесторлордун жалгыз дареги болгон жана быйыл кирешеси 200 пайызга негизделген Стамбул биржасынын, фирмалардын да көңүл борборунда экенин жазган. Стамбул биржасындагы инвесторлордун саны 2021-жылдын аягына салыштырмалуу 1 миллион 280 миң кишиге өсүп, 3 миллион 650 миң менен тарыхый туу чокуга жетти.



Тектеш кабарлар