Түрк басма сөзү 11.02.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1776910
Түрк басма сөзү 11.02.2022

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын тести негатив чыкты» деген кабарында 5 -  февралда коронавирус тести позитив чыккан президент Режеп Таййип Эрдогандын акыркы эки күндөн бери жасалган ПЦР тестинин негатив чыккандыгын билдирген. Эрдоган твиттерден берген маалыматында : «Бул процессте өлкөбүздүн жана дүйнөнүн төрт тарабынан дуалары менен жакшы тилектери менен бизге колдоо көрсөткөн  боордошторума ыраазычылык билдирем»,- деди.

«Стар» гезити «Эрдоган : чыңалууну түшүрүү үчүн демилегелерибизди улантуудабыз» деп жазып, президент Эрдогандын Польшанын президенти Анджей Дуда менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн кабарлаган. Сүйлөшүүдө Эрдоган Түркия  -  Польша карым  - катнаштарын бардык тармактарда дагы да өнүктүрүү, стратегиялык өнөктөштүктү  Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңеши механизмасынын курулушу менен аяктоону каалагандарын айтты. Россия менен Украинанын ортосунда болгон чыңалууну жакындан иликтешкендерин белгилеген Эрдоган бул тууралуу Түркия катары чыңалуунун түшүрүлүшү максатында демилегелерин улантышкандарын белгиледи.

«Ватан» гезити «Түркиянын экономикасы 9 айда 12 пайызга өстү» деген макаласында Түркиянын соода палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглунун : «Базарларда экономика кайрадан жандануу кыймылына кирди. Биринчи 9 айда экономикабыздын  өсүшүнө караганыбызда 12 пайыздык өсүүнү көрүп жатабыз»,- дегенин кабарлаган. Экспортто рекордго жетишилгендигин белгилеген Хисаржыклыоглу : «Өнөр жай эпидемиядан мурунку деңгээлден өттү. Туризм калыбына келүүдө»,- деди.

«Йени шафак» гезити «2021 -  жылы жумуш менен камсыз кылуу рекорду» деп билдирип, Түркияда жумушсуздук катнашы 11, 2ге чегинип, жумуш менен камсыз кылуу акыркы бир жылда 3 миллион 223 миң кишиге өскөнүн маалымдаган. Тейлөө тармагында 2,2 миллион адам, өнөр жайда 702 миң адам, айыл чарбасында 176 миң адам жаңы жумуш орундарын тапты.

«Сабах» гезити «Түркиянын энергетика трансформациясы ылдам болду» деген маалыматында Түркияны жаңыланууга боло турган энергияда өндүрүш жана технология борбору кылуу максаты менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө олуттуу жылыштар болгондугу белгиленди. 2000 - жылдары өтө төмөн жаңылануучу энергия кубаттуулугу болгон Түркия бул тармактагы инвестицияларынын аркасында жалпы жаңылануучу энергиянын орнотулган кубаттуулугу боюнча Европада 5 - орун, дүйнөдө 12 - орунду алды.



Тектеш кабарлар