Түрк басма сөзү  16.08. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1691891
Түрк басма сөзү  16.08. 2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Туруктуулук үчүн бардык аракетти көрсөтөбүз»,- деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Стамбул кеме жасоочу командирлигинде өткөрүлгөн аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Афганистандын эртерээк туруктуулукка жетиши үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз. Бул тууралуу Пакистан менен да кызматташуу ичиндебиз»,- дегенин кабарлаган.

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган : коргоо өнөр жайында дүйнөнүн эң үстүңкү лигасына чыгабыз» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын Стамбул кеме жасоо командирлигинде өткөрүлгөн аземде Түркиянын коргоо өнөр жайындагы тышка болгон көз карандылыгын 80 пайыздан 20 пайызга түшүргөндүгүн белгилеп : «Коргоо өнөр жайы тармагында дүйнөнүн эң жогорку лигасына чыккан болобуз» дегенин маалымдаган.

«Ватан» гезити «Түркия тарыхка өттү! Дүйнөдө алгачкы» деп жазып, Эскишехир техникалык университети тарабынан башкарылган жана дүйнөдөгү биринчи "университет аэропорту" катары тарыхка өткөн  Хасан Полаткан аэропорту 2007 – жылы алган лицензиясы менен Бельгия, Германия, Франция, Нидерландия жана ажылык, умра каттамдары менен жылда 100 000 жүргүнчүгө кызмат кылып жаткандыгына токтолгон.

«Сабах» гезити «Түрк жашылча  жемиш жана мөмөсү бул жылдын биринчи 7 айында эң көп Россияга сатылды» деген маалыматында Түркиянын январь  -  июль айларында 1 миллиард 638  миллион долларлык жашылча  - жемиш жана мөмө экспортунун 32 пайызы Россияга жасалганын билдирген.

«Стар» гезити «НАСА түрк доктордун астрономия фотографиясын тандады» деген кабарында түрк астрономия фотографы доктор Мехмет Хакан Өзсарачтын Хаббл космос телескопу тарабынан тартылып алынган көрүнүштү кайрадан иштелип,  НАСА тарабынан «Дүйнөдө күндүн астрономиялык фотографиясы» болуп тандалып интернет сайтында жарыялангандыгын жазган.



Тектеш кабарлар