Түрк басма сөзү  05.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1577809
Түрк басма сөзү  05.02.2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : студенттерди тартуу жарышында дүйнөдө биринчи ондобуз» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Түркиянын университеттерине студенттерди тартууда дүйнөнүн биринчи он өлкөсүнүн ичине киргенин айтканын жазган. Түркиянын университетке кабыл алууда Европада  биринчи орунду алгандыгын айткан Эрдоган дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен мыкты мугалимдердин аралыктан билим берүү жолу менен Түркияда сабак беришине мүмкүнчүл түзүлөрүн белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Түркияда козголгус мүлк  чет элдик инвесторлордун колунда» деген макаласында Түркияда козголгус мүлк алган чет элдиктердин 92, 7 пайызынын козголгус мүлктү колго алганын белгилеген. Чет элдик инвесторлор жылда 3 айды Түркияда өткөрүшүүдө. Козголгус мүлк алган инвестордун жарымы экинчи  козголгус мүлкүн да алууда. Козголгус мүлк алган түрдүү кесиптеги чет элдиктердин жаштары 50дөн жогору.

«Стар» гезити «Xiaomi Түркияда өндүрүшүн баштайт» деген маалыматында дүйнөнүн эң чоң үчүнчү смартфон телефон өндүрүүчүсү Xiaomi 30 миллион долларлык инвестиция менен 2021 -  жылдын биринчи чейрегинде  Түркияда смартфон телефон өндүрүүнү баштай тургандыгын жарыялады. Фирманын Стамбулда ача турган заводу менен Түркия фирманын дүйнөдө өндүрүшкө өткөн төртүнчү өлкө болот. Завод жылдык 5 миллион даана телефон өндүрүү көлөмүнө ээ болот.

«Сабах» гезити «5 жылда жылдык алтын өндүрүү 100 тоннага чыгат» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркияда жылдык 42 тонна алтын өндүрүлгөндүгүн айтып : «Максатыбыз 5 жылдык процесстин ичинде жылдык 100 тонна өндүрүшкө жетишүү»,- дегенин  белгилеген. Министр Дөнмез жалпы дүйнөдө жылдык 100 тоннадан ашуун өндүрүш аткарган 10 өлкөнүн арасына киүрүүнү каалашкандарын билдирди.

«Ватан» гезити «Түркиянын узун аралыктуу ракета «Атмажа» тесттен өттү» деген маалыматында РОКЕТСАН чыгарган узун аралыктуу «Атмажанын» Синопто тесттен өткөндүгүн жарыялаган. Тест атууларына деңиз күчтөрүнүн командири , армиянын генералы Аднан Өзбал жана губератор Эрол Караөмероглу да катышты. Тест атууларынан кийин сөз сүйлөгөн армиянын генералы Өзбал : «Улуттук продукциябыз «Атмажа» доско ишеним, душманга коркуу салат»,- деди.



Тектеш кабарлар