Түрк басма сөзү  14.07.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1454597
Түрк басма сөзү  14.07.2020

«Сабах» гезити «Эрдоган Путин менен сүйлөштү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Россиянын президенти В. Путин менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эрдоган менен Путин эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын күчтөндүрүлүшү менен бирге аймактык тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулук үчүн координацияны улантуу тууралуу макулдашышты.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунан катуу каршы чыгуу: Армения эсине келсин» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ ТРТ Кабар каналында түз эфирде мурунку күнү болгон Азербайжан  - Армения чек арасындагы кагылышууга токтолуп : «Армения эсине келсин. Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Азербайжандын жанындабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлигинин катчысы Аксой Аясофия тууралуу Борреллге каршы чыкты» деген маалыматында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксойдун Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борреллдин Аясофияга байланыштуу билдирүүсүнө карата : «Дагы бир жолу Аясофиянын Түркиянын мүлкү экендигин жана статусунун өзгөрүшү жана Аясофияга байланыштуу бардык үнөмдөөнүн бир гана Түркиянын эгемендигинин астында экендигин баса белгилейбиз. Эч ким Түркиянын эгемендүүлүк укугуна кийлигише албайт»,- деди.  «Ватан» гезити «Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Челиктен Аясофия тууралуу билдирүү» деген кабарында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин Борбордук чечим жана Башкаруу Кеңешинин жыйынынан кийин Аясофиянын ибадатка ачылышынан кийин ЮНЕСКО тарабынан маданий мурас катары калып же калбай турганына байланыштуу : «Аясофия мечит жана дүйнөлүк маданий мурасынын көркөмдүүлүгүн алып жүргөн жер катары көркөмдүүлүгүн көрсөтүүнү улантат»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Варанк : май айында эң ылдам калыбына келген үч өлкөнүн бирөөсү болдук» деген макаласында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын  өнөр жай өндүрүшүнүн маалыматтары тууралуу берген билдирүүсүндө Түркиянын май айында эң ылдам калыбына келген биринчи үч өлкөнүн бирөөсү болгонун, индекстин бардык пункттары оң болгонун айтканын жазган.



Тектеш кабарлар