Түрк басма сөзү 17.06.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1437537
Түрк басма сөзү 17.06.2020

«Хүррийет» гезити «Эрдоган менен Меркель Ливия тууралуу макулдашты» деген  кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын  Германиянын канцлери Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Ливиядагы акыркы абал, жаңы тип коронавирус менен күрөшүү, эпидемиядан кийинки мезгилде таштала турган кадамдар жана эки тараптуу карым  - катнаштар каралды. Эрдоган менен Меркель Ливияда саясий чечүүчү жол үчүн БУУнун процессинин күчтөндүрүлүшү боюнча макулдашышты.

«Хабер түрк» гезити «Түркия акысыз дарылоодо аз кездешкен өлкөлөрдүн бири» аттуу макаласында казына жана финансы министри Берат Албайрактын Түркиянын акысыз дарылоо мүмкүнчүлүгүн берген аз кездешкен өлкөлөрдүн бири экенине көңүлдөрдү бурганын жазган. Министр Албайрак твиттерден берген маалыматында : «Бекем экономикалык түзүлүшүбүздүн саясында  бардык жарандарына акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгүн берген өлкөлөрдүн бирибиз. Бардык тармакта шартсыз элинин жанында болгон башкаруу аң  - сезимин дайыма байкаштырабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү дары чыгаруу ылдам алдыга жылууда» деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Муфтафа Варанк Ковид  - 19га каршы жергиликтүү дары чыгаруу долбоорунун негизинде Анкара университетиндеги лабораторияларда жүргүзүлүп жаткан эмгектерди иликтегенин жазган. Варанк дары долбоорунун негизинде жаныбарларда сыноо баскычына келингенин билдирди. Варанк клиникалык этапка өтүлгөндөн кийин эмгектин акырына чыгарылып саламаттык сактоо министрлигине тапшырыларын белгиледи.

«Сабах» гезити «Ковид  - 19 диагностикалык комплектинде дүйнөдө бир алгачкы» деп билдирген кабарында өнөр жай жана технология министринин орун басары Хасан Бүйүкдеденин вакцина, салттуу методдордун жанында эч бир өлкө сынап көрбөгөн жаңы бир технологияларды сынап көрүшкөндөрүн билдирди. «Чыгарылган жогорку  антитело плазмасын бейтаптарды дарылоодо колдонуудабыз»,- деген Бүйүкдеде диагностикалык комплектеринде нано  - технологияны негиз кылып алган жана дүйнөдө бир алгачкы боло турган жаңы продукцияны чыгарууга аракет кылышкандарын белгиледи.

«Ватан» гезити «Onur Air каттамдарын баштап жатат» деген кабарында  коронавирустан улам каттамдарды токтотууга мажбур болгон аба жол фирмасы Onur Air 26 -   июндан тарта ички каттам, 15 -  июлдан баштап тышкы каттамдарын баштай турганын билдирди. Фирмадан берилген маалыматта билеттердин сатууга ачылганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар