Түрк басма сөзү 10.03.2020

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1375476
Түрк басма сөзү 10.03.2020

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Европага Сирия тууралуу чакыруусу : бул трагедияга эч бир өлкө үнсүз кала албайт» деген макаласында Президент Р. Т. Эрдогандын кечээ иш алып баруу сапары менен барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуп, биргелешкен жыйын өткөргөндүгүн жазган. Эрдоган Сирияда болгон адамзаттык трагедияга Европанын үнсүз кала албай тургандыгын белгилеп : «Эч бир Европа өлкөсүнүн Сириядагы кагылышууларга жана адамзаттык трагедияга үнсүз калуу мүмкүнчүлүгү жок»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Албайрак : инфляцияда 8,5 пайыздык максатка бул жылы жетебиз» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрактын : «Инфляциядагы чечкиндүүлүгүбүз бул жылкы 8,5 пайыздык максатыбызга жетишерибизди ортого салууда, мындан эч ким шектенбесин»,- дегенин белгилеген.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмез билдирди : Аккуюнун биринчи реактору 2023 – жылы ишке кирет» аттуу  макаласында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Аккую атомдук күч станциясындагы иштердин үзгүлтүксүз улантылып жаткандыгын жана курулуп бүткөндө Анкара менен Измирдин жалпы электр муктаждыгына тең келе турган электр энергиясын өндүрө аларын айтканын жазган. Дөнмез : «Аккуюнун  биринчи реактору 2023 -  жылы ишке кирет»,- деди.

«Ватан» гезити «Министр Кожадан коронавирус тууралуу билдирүү» деген кабарында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын кечээ Түркияда ушул кезге чейин аныкталган коронавирус жугузган бейтаптын чыкапагандыгын айтканын жазган.

Түркиянын убагында бардык чараларды көргөндүгүн баса белгилеген Кожа : «Тынчсыздана турган абал жок. Мамлекеттик мекемелерибиздин баары, министрлигибиз эмне жасалышы керек болсо, башка өлкөлөрдүн аткарбагандарынын баарын аткарды»,- деди.

«Стар» гезити «НАТО машыгуусунда Түркия ийгилик көрсөттү» деген макаласында улуттук коргоо министрлигинин НАТОнун DYNAMIC MANTA суу түбүндөгү коргонуу машыгуусунда Түркиянын 15 жолу учкан деңиз патрулдук учагынын машыгууга катышкан 4 союздаш өлкөнүн суу түбүндөгү кемелерин аныктап ; АКШ, Канада, Франция жана Германиянын учактарынын арасында эң жогорку ийгиликке жеткендигин жазган.



Тектеш кабарлар