Түрк басма сөзү  20.09.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1273039
Түрк басма сөзү  20.09.2019

«Хүррийет» гезити «Министр Сойлу кайткан сириялыктардын санын билдирди» деген кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун : «Өлкөбүздө убактылуу коргоо статусу менен жашап жаткан сириялыктардын саны 3, 5 миллиондон ашуун. «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары менен түзгөн коопсуз аймактын  саясында ушул күнгө чейин 354 миң сириялык ыктыярдуу түрдө жашаган жерине кайтып кетти»,- деген билдирүүсүн жазган.

«Сабах» гезити «Селчук Байрактар билдирди : 122 өлкө катышты» деген маалыматында Байкар техникалык директору жана Түркия технология командасы фондунун  куруучу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар Текнофест Стамбул авиация, космос жана технология фестивалына катышуунун өткөн жылга караганда дагы көп болгондугун белгилеп : «Өткөн жылы Текнофестке 60 өлкөдөн 550 миң катышуучу катышты. Бул жылы 122 өлкө катышты. Түркиянын бардык тарабынан катышуу болду. Биринчи эки күндө 250 миңден аштык»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркияда чыгарылган унаалар Европа көчөлөрүндө» деген макаласында автомобиль фирмаларынын өндүрүш базасы болгон Түркиядан январь  -  июнь айларында 170 өлкөгө 13 миллиард долларга жакын автомобиль экспорттолуп, тышка сатууда биринчи орунду бул сектордо алдыда болгон Европа өлкөлөрү алды.

«Стар» гезити «Түркиянын жогорулоосу улантылууда» деген кабарында А улуттук футболдук командасы ФИФА дүйнөлүк тизмесинде 36 – орунга чыкты. ФИФАнын интернет сайтынан берилген сентябрь айынын дүйнөлүк тизмесине караганда Бельгия алдыңкы орунда болууну улантты. Франция 2 -  орунга чыгып, Бразилия болсо 3 -  орунга түштү.



Тектеш кабарлар