Түрк басма сөзү  09.08.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1250684
Түрк басма сөзү  09.08.2019

«Ватан» гезити «Министр Чавушоглунан коопсуз аймак тууралуу билдирүү» деген кабарында  тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШ менен Сириянын түндүгүндө коопсуз аймакка байланыштуу түзүлгөн макулдашуунун жакшы бир башталгыч болгондугун белгилеп : «Бул эмгектин Манбиж жол картасына айланышына, алаксытуу процессине киришине уруксат бербейбиз»,- дегенин жазган.

«Йени шафак» гезити «Акар : Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдарынын тебеленишине үнсүз калуу болбойт» деп жарыялаган кабарында башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен бирдикте кечээ түндүк Кипр Түрк Республикасына барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар : «Түркия өзүнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдуу укук менен кызыкчылыктарын ар дайым коргоду жана коргоону улантат»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Кападокияга көптөгөн турист келди» деген кабарында Түркиянын негизги туристтик жерлеринен Кападокия аймагын июль айынын ичинде 393 миң 728 жергиликтүү жана чет элдик туристтин кыдыргандыгын жазган. Июль айында жергиликтүү жана чет элдик туристтер кызыккан жер  Гөреме ачык аба музейи болду.

«Сабах» гезити «Түркияда биринчи жолу Стамбул аэропортунда башталды» деген маалыматында Стамбул аэропортунда эки роботтун терминал ичинде жүргүнчүлөрдү кеңешүү боюнча тейлей баштагандыгын жазган. Түркияда биринчи жолу Стамбул аэропортунда кызмат кылган  кеңешүү роботтору тест процессинин аякташы менен саны 4кө жеткирилет. Жергиликтүү өндүрүш болгон роботтор түрк жана англис жүргүнчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, жүргүнчүлөрдү үн жана экранга келген маалыматтар менен багыттайт.

«Стар» гезити  Анталияда сахнага чыккан, дүйнөгө белгилүү ырчы Женнифер Лопездин концерти тууралуу социалдык медиа эсебинен берген маалыматынын 11 саатта 4, 5 миллиондон ашуун киши тарабынан көрүлгөндүгүн, он миңдеген  комментарий алгандыгын жазган.

6 -  августта күйөрмандары менен жолугушкан Женнифер Лопездин бөлүшүүсү Анталия жана Түркиянын таанытылышына салым кошту.



Тектеш кабарлар