Түрк басма сөзү  19.07.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1238868
Түрк басма сөзү  19.07.2019

«Ватан» гезити «Исмаил Демир : Түркия мажбур болмоюнча тыштан эч нерсе албайт» деген макаласында коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Ф  - 35 программасында ортого чыккан абалдарга байланыштуу Түркиянын түзгөн келишимдеринин, койгон колдорунун артында экендигин айтканын жазган. Демир : «Түркия эми мажбур болмоюнча тыштан эч нерсе албайт. Өзүнүн улуттук жана жергиликтүү өнөр жайын колдойт»,- деди.

«Стар» гезити «Песков : түрк чеберлери эң даамдуу бөрек жасашат» деген кабарында Кремлдин катчысы Дмитрий Песков С  - 400дөрдүн тапшырылышынан кийин дүйнөнүн эң узун бөрегин жасаган бурсалык бөрек устасы Хасан Ажардын Орусиянын президенти В. Путинге бышырган бөректен жибере турган болсо кубанышарын  айткандыгын жазган. «Түрк усталар абдан даамдуу бөрек жасашат»,- деген Песков бирок жибериле турган убакыт тууралуу маалыматты билбей тургандыгын билдирди.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң чоң энергия тазалоо боюнча күн электр станциясы ГЕС комплекси бүткөрүлдү» деген кабарында Йаловада Түркияда алгачкы, дүйнөдө эң чоң күн энергиясы менен өз электр тазалоочу комплекс долбоорун аяктагандыгын жазган. 3 миң 360 күн паннели колдонулган комплекс өз энергиясын өзү өндүрөт.

«Хүррийет» гезити «Улуттук СИХА Байрактар ТБ2  Кувейт чөлдөрүндө рекордго жетти» деген кабарында Улуттук СИХА Байрактар ТБ 2нин Кувейтте катышкан учууда өзүнө таандык эң узун убакыт учкан улуттук аба унаасы болуу рекордуна жеткендигин жазган. Улуттук СИХА Кувейтте жогорку ысыктык жана кум бороону сыяктуу кыйын географиялык жана климаттык шарттарда толук 27 саат 3 минуталык үзгүлтүксүз учуп маанилүү бир ийгиликке кол койду.

«Йени шафак» гезити «Реактор синтезин долбоорлогон жаш түрк физик Черноблда» деген макаласында өзү добоорлогон атомдук реактор синтезин иштеткен 18 жаштагы Атеш Феттахоглу Анкара университети уюштурган иш чаранын негизинде 24 илимпоз менен Түркиянын эң жаш атомдук физиги катары Черноблга баргандыгын жазган.  Чыгарган реактору инженерлер тарабынан бекитилген Феттахоглу Украинадагы телекөрсөтүү каналдарынын да кызыгуусун тартты.



Тектеш кабарлар