Түрк басма сөзү 18.07.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1237620
Түрк басма сөзү 18.07.2019

 

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган Эрбилдеги кол салууну айыптады» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Эрбилдеги кол салууга байланыштуу: «Кол салуунун шектүүлөрүнүн тез арада табылуусу үчүн Ирактын бийлик органдары жана жергиликтүү жооптуу кызматтагылардын негизинде иш аракеттерибиз уланып жатат»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк куралдуу күчтөрү ПККлык террористтердин экспансия саясатына бөгөт болду» аттуу кабарында Ирактын Түркия жана Иран чек ара тилкесинде 29 жылдан бери 800 айылды басып алган террордук уюм ПКК, Түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларына каршы чарасыз калганын маалымдаган. Түрк куралдуу күчтөрүнүн Улуттук чагындоо уюму менен бирге Ирактын ичинде уюмга каршы улантып жаткан операцияларынын негизинде ПККнын кыймыл күчү азайганы сыяктуу экспансия саясатында да төмөндөө болду.

«Сабах» гезити «АКШ медиасында көңүлдөрдү бурган Түркия талдоосу» деген маалыматында Түркиянын Орусиядан сатып алган С-400 абадан коргонуу системасын тапшырып ала баштагандыгы АКШнын коомдук пикиринде кеңири орун алганын билдирген. Медиадагы сереп салууларда жана аналитикалык талдоолордо Түркиянын АКШнын коркутууларына моюн сунбагандыгына көңүл бурулду.

«Хүррийет» гезити «Төртүнчү кеме да барат» аттуу кабарында Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги бургулоо иштеринен улам санкция киргизгенин билдирген Европа Биримдигине катуу жооп кайтарылгандыгын жазган. Түркия «Фатих», «Явуз» жана «Барбаростон» кийин «Оруч Реис» иликтөө кемесин да Кипрдин жээктерине жөнөтүп жатат.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору Балиге каттамдарын баштады» деген кабарында Түрк аба жолдору Индонезиянын дүйнөгө таанымал аралы Балиге пландаштырылган каттамдарын баштаганын билдирген. Түз каттамдар жумасына жети жолу ишке ашырылат.

 



Тектеш кабарлар