Түрк басма сөзү-24.06.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1224086
Түрк басма сөзү-24.06.2018

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган; Стамбулга пайдалуу болсун!» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АКП) төрагасы жана президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбул мэрин кайра шайлоо жыйынтыктарынын Стамбул үчүн пайдалуу болушун тилеп, расмий эмес жыйынтыктарга караганда шайлоону жеңген Экрем Имамоглун куттуктады. Эрдоган: «Мындан мурда болгону сыяктуу алдыдагы процессте да демократиядан, укуктун үстөмдүгүнөн, өлкөнүн тынчтык, өнүгүү жана ырааттуулугунан эч качан баш тартпаган «Жумхур» өнөктөштүгүнүн принциптеринин алкагында, биримдик жана ынтымактын ичинде 2023-жыл максаттарын көздөй багыт алабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Парламент төрагасы Шентоп; Улуттук эрк дагы бир жолу анык болду» деген  маалыматында парламент төрагасы Мустафа Шентоп, 23-июнь шайлоолорунун Түркиянын демократиялык жетилгендик жана улуттук эрктин дагы бир жолу айкындалышы менен жыйынытктарын көрсөткөнүн айтканын жазган. Шентоп Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, «Демократия, улуттук эрктин бекем жана тең шарттарда айкын болушу, бул темада тайсалдоого эч качан орун бербей ачык жана так шайлоонун өткөрүлүшү менен болот. Улутубуз Стамбул үчүн тандоосун жасады, пайдалуу болсун. Бул себептен улам Стамбул шаарынын мэри болуп шайланган урматтуу Экрем Имамоглун куттуктаймын, Стамбулга пайдалуу кызматтарды кылышын тилейм»,-деп бөлүштү.

«Сабах» гезити «Имамоглу; шайкештик ичинде иштөөгө даярмын» деген маалыматында Стамбул мэрлигине шайлоонун расмий эмес жыйынтыктарына караганда шайлоону жеңген ЖХПнын талапкери Экрем Имамоглу: «Шайлоону бүтүндөй стамбулдуктар жеңди. Жаңы барак ачылды»,-дегенин берген. Стамбулдун мэрлигин жеңип алуу өзү үчүн сыймыктуу кызмат болгонун белгилеген Имамоглу: «Эч кимди бөлбөстөн иштеймин. Уруматтуу Президентим, сиз менен шайкештик ичинде иштөөгө даярмын»,деген маалымат берди.

«Стар» гезити «Мурсинин уулу Абдуллах Эрдоганга ырахмат айтты» аттуу маалыматында Египетте сот залында каза болгон алгачкы шайланган президенти Мухаммед Мурсинин үй  - бүлөсү президент Режеп Таййип Эрдоган жана башка өздөрүн жалгыз калтырбаган баарына ыракмат айтканын баяндаган. Атасы үчүн бүткүл дүйнөдө миллиондогон кишинин жаназа намазын окугандыгын белгилеген Абдуллах : «Тарыхта мындай окуя болгон эмес. Мындан мурда миллиондогон киши эч ким үчүн мындай намаз окуган эмес»,- деди. Абдуллах : «Баарына өзгөчө да урматтуу Эрдоганга, Катардын эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен атасына, Малайзия өкмөтүнө жана Тунистин мурунку президенти Мунсиф ел  - Мерзукиге ыракмат айтабыз»,- деди.

«Ватан» гезити «Террор уюмуна оор сокку! Сан көбөйүүдө» аттуу маалыматында Ирактын Хакурк аймагында улантылган «Чеңгел» операциясы менен катар Ирактын түндүгүндө жок кылынган террорист саны 96га жеткенин маалымдаган. 27-майда башталган операцияда Ирактын түндүгүндө жо кылынган террорист саны 96 болду. Операциянын алкагында Хакурк аймагында издөө иштерин жүргүзгөн десанттар, ПКК тарабынан колдонулган 8 бөлмөлүү үңкүрдү таап алды. Үңкүрдөгү тинтүүдө көп сандаган курал жана ок-дарылар менен жашоо үчүн керектүү материалдар колго түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар