Түрк басма сөзү 14.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1201039
Түрк басма сөзү 14.05.2019

«Стар» гезити ««Атмажа» ракетасы үчүн артка саноо башталды» деген кабарында дүйнөдөгү үлгүлөрүнөн жогорку өзгөчөлүктөргө ээ болгон жана массалык өндүрүү келишимине кол коюлган Түркиянын алгачкы деңиз ракетасы «Атмажа» 1 – 1,5 жылдын ичинде кемелерде орун ала баштай тургандыгын жазган. Түрдүү аба шартында колдонууга боло турган «Атмажа»  каршы чараларга чыдамдуулугу, кайрадан кол салуу, туруктуу жана кыймылдуу буталарга карата кыймыл кыла алат.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору 2018 – жылы мобилдик  колдонмосунан 4, 1 миллион билет сатты» деген кабарында түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү 2018 -  жылы мобилдик  колдонуу аркылуу 4,1 миллион билет  сатып алгандыгын жазган. Мобилдик колдонуу 2018 -  жылы 75, 2 миллиондук рекорддук жүргүнчү ташыган түрк аба жолдорунун ийгиликтүү болушуна маанилүү салым кошту.

«Хабер түрк» гезити «Мейиз экспортунда «Ыракы Чыгыш» берекеси» деген кабарында Түркия мейиз экспортунда көптөгөн жылдар максат кылган «Ыракы Чыгыш» базарынын түшүмүн көрө баштагандыгын жазган. Мейиз экспорту дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсү Кытайда 120 пайыз, Японияда болсо 87 пайызга өстү.

«Сабах» гезити «Орусия Анталияга келди» деген маалыматында орусиялык туристтердин саякаты учурунда биринчи орунду алган Анталиянын тарыхый району Калеичине келген туристтер мистикалык атмосферада мыкты эс алып жатышкандарын жазган. Келген туристтер тар жана кичинекей көчөлөрү, жыгач архитектурасындагы үйлөрү менен Калеичин абдан жактырышууда.

«Ватан» гезити «Дэвид Каррет Стамбулга келет» деген маалыматында дүйнөгө белгилүү немис скрипач Дэвид Карретт 21 -  сентябрда  Стамбулда концерт койорун жазган. Белгилүү өнөрпоз "Unlimited Live" дүйнөлүк гастролунун негизинде Түркияга келет.



Тектеш кабарлар