Түрк басма сөзү 10.05.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1198837
Түрк басма сөзү 10.05.2019

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлиги АКШнын Стамбулда боло турган шайлоо тууралуу маалыматына каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Морган Ортагус жана АКШ Конгресс мүчөлөрүнүн Стамбулда жергиликтүү шайлоонун кайталанышына байланыштуу билдирүүлөрү тууралуу «Жогорку Шайлоо Комиссиясы тарабынан чыгарылган бул чечимге баары сый көрсөтүшү керек. Ушуга окшогон абалдардын АКШ жана башка өлкөлөрдө да болгондугу, булардын демократиянын эрежелеринин негизинде чечилгендигин эстөө керек»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Анка улуттук радары менен Эгей жана Жер Ортолук деңизде» деген кабарында Улуттук учкучсуз аба унаасы Анка жаңы пайдалуу жүктү Улуттук синтетикалык көзөнөктүү радар менен ишин баштагандыгын жазган. Улуттук синтетикалык көзөнөктүү радар жана камера жүктөлгөн Анка  деңиз күчтөрүнүн  суу үстүндөгү чалгындоо жана көзөмөлдөө иши үчүн Эгей жана Жер Ортолук деңизде кондонулат. Радар саясында алыскы диапозондон жана булут аркылуу чалгындоо маалыматтарын чогултуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон Анка суу үстүндөгү элементтердин түрүн аныктай алат жана жайгаштырууну аткара алат.

«Сабах» гезити «Ювелирдик экспорт апрель айында 258, 9 миллион доллар болду» деген кабарында Ювелирдик экспортчулар биримдиги өткөн айда 258 миллион 862 миң 728 долларлык ювелирдик  экспортуна кол койгондугун жазган. Ювелирдик  Экспортчулар Биримдигинен берилген маалыматка караганда апрель айында эң көп экспорт 81, 1 миллион доллар менен Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөр группасына жасалды. Жакынкы Чыгыш Азияны 60 миллион доллар менен Түндүк Америка, 50, 3 миллион доллар менен Европа Биримдиги, 32 миллион доллар менен башка Азия өлкөлөрү жана 14, 4 миллион доллар менен башка Европа өлкөлөрү келди.

«Хабер түрк» гезити  Лорен Маккеннитт Түркияда 3 концерт берет» деген маалыматында канадалык музыкант Лорен Маккеннитт Түркияда күйөрмандары менен жолугушарын жазган. Музыкант биринчи концертин 29 -  июнда Измирде, кийинки күнү Анкарада, 1 -  июлда болсо Стамбулда берет.

«Хүррийет» гезити «Разгатлыоглу жана Софуоглу Италияда аянтка чыгат» деген маалыматында улуттук мотоциклисттерден Топрак Разгатлыоглу Дүйнөлүк Superbike чемпиондугунда  Бахаттин Софуоглу да Дүйнөлүк Supersport - 300 чемпиондугунда жуманын акырында Италияда жарышат.



Тектеш кабарлар