Түрк басма сөзү 30.04.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1192664
Түрк басма сөзү 30.04.2019

«Йени шафак» гезити «Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышына карата операция даярдыктары аяктады» деген макаласында улуттук коргоо министрлиги ЙПГ/ПКК террордук уюмдун Сирияда басып алган аймакка карата ыктымалдуу бир операция тууралуу билдирүү жарыялагандыгын жазган. Маалыматта : «Бөлүктөр бардык тараптан даяр. Сириянын түндүгүндө түзүлүшү пландалган коопсуз аймак тууралуу АКШ менен сүйлөшүүлөр улантылууда. Ушул кезге чейин АКШ тарабынан тескери көз караш алынган жок»,- деп билдирилди.

«Стар» гезити «Фредман : Түркияга көңүл бурбаган бул аймакта операция жүргүзө албайт» деген кабарында Geopolitical Futuresтин куруучсу болгон Эл аралык карым  - катнаштар стратегистти Жорж Фридмен Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын англис тилиндеги каналы ТРТ  Worldга маалымат берди. Түркиянын тарыхында чоң бир жоопкерчиликке ээ экендигин белгилеген Фредман : «Сирия жана башка аймактарда болгон окуяларга каралганда Түркиянын өз позициясын алгандыгын көрүп турабыз. Бул жасалышы оңой нерсе эмес. Дүйнө түшүнүшү керек болгон нерсе Түркияга  олуттуу түрдө көңүл бурулмайынча бул аймакта операция жүргүзө албайсыңар»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук турбореактивдүү моторду ийгиликтүү тест кылды» деген кабарында Түркиянын иш алып баруулардын натыйжасында дүйнө масштабындагы окшошторунан кем калбай турган алдыңкы технология бир турбореактив моторун чыгарууда ийгиликтүү болгондугун жазган. Президенттиктин коргоо өнөр жай министрлигинин колдоосу менен чыгарылган Түркиянын алгачкы жергиликтүү турбореактив мотору KTJ-3200дүн тесттери жасалды. Мотор аскердик учактан атылган орточо аралыктуу ок  - дарыларда колдонулат. Мотордун экспорт базарлары Европа өлкөлөрү жана АКШ болот.

«Ватан» гезити «Чоң аба жолу фирмалары Стамбулда кезекке турду» деген маалыматында дүйнөнүн алдыңкы аба жолу фималары жана бир топ чет элдик аба жолу фирмасы Стамбулга учуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын жазган. Япон аба жолу фирмасы All Nippon Airways Токиодон, кытайлык Lucky Air да  Кунминг шаарынан Стамбулга учуу үчүн аракетке өттү. Стамбулга каттай турган башка бир аба жолу фирмасы да Saudi Gulf Airlines болот. Чет элдик аба жолу фирмаларынын арасында Стамбулга учкандар азыркы каттам тышында башка жерлерден да учуу үчүн аракеттерин ылдамдатты. China Southern аба жолдору Пекин тышында Вухандан июнь айынан баштап учат. Сичуан аба жолдорунун Стамбулга тарифтүү каттамдары болсо бүгүн башталат.

«Хабер түрк» гезити «Муунду дарылоо үчүн суюктук чыгарышты, биринчи талап Япониядан келди» деген маалыматында Күтахяда муун ооруларын дарылоодо колдонулган «глюкозаминди» карагаттан алган түрк илимпоздору Япониядан 50 тонналык бир глюкозаминдин иштетилбеген материалы тууралуу талап алды. Жалпы дүйнөдө бир гана краб, креветка сыяктуу кабыктуу деңиз жаныбарларынан алынган «глюкозамин» Күтахя Думлупынар университетинен бир группа түрк илимпозунун 4 жылга созулган эмгегинин натыйжасында карагаттан суюктук катары алынды.

 



Тектеш кабарлар