Түрк басма сөзү 16.1.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1126659
Түрк басма сөзү 16.1.2019

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан орчундуу коопсуздук аймак билдирүүсү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Сирияда ыктымалдуу бир коопсуздук аймак проектинде жикчил террордук уюм ПККнын бул өлкөдөгү уландысы ЙПГ/ПККнын орун албай тургандыгын айтканын жазган. Эрдоган Түркиянын Сирияда коопсуз аймак түзүү пикирин АКШнын мурунку президенти Барак Обамага да сунуш кылгандыгын баса белгилеп : «АКШ Сирияда аба мейкиндигинин текшерүүсүн колго ала турган болсо биз да кургактыкта бардык коопсуздукту колго алабыз дегенбиз. Обама бул тууралуу керектүү кадамдарды таштаган жок. Мен да бул маселеге жылуу караймын. Бул тууралуу иштөөгө болот. Бул 20 мил дагы да узартыла алат»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Берат Албайрак жарыялады! Дагы бир максатыбызга жеттик» деген кабарында казына жана финансы министри Берат Албайрак твиттер аркылуу 2018 -  жылдын декабрь айы жана январь  - декабрь мезгилиндеги бюджеттин жыйынтыктарына байланыштуу маалымат бергендигин жазган. Албайрак жаңы экономикалык программасында 2018 -  жылдын акырындагы бюджет кемчилигинин 72, 7 миллиард лира экендигин эске салып : «Бюджет кемчилигинин болушу максатыбыз менен шайкеш болгон 72, 6 миллиард лира болду. Жаңы Экономикалык Программада 1, 9 пайыз болуп белгиленген бюджет кемчилигиндеги улуттук кирешеге салыштырмалуу максатка ушундайча жеткен болдук»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Сабиха Гөкчендин жүргүнчү саны 35 миллионго жетти» деген кабарында жүргүнчү саны жактан Түркиянын эң ири экинчи аэропорту Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропорту 2018 -  жылы жүргүнчү санын 9 пайызга арттырды жана жалпы 34 миллион 58 миң 917 кишини тосуп алды.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору каттамдарын кеңейтүүнү улантууда» деген макаласында  Түрк аба жолдору Америка материгинин негизги шаарлары Мексико Сити жана Канкунду каттамдар желесине кошкондугун жазган. Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Түрк аба жолдорунун Америка материгиндеги  18 – 19 -  учуу жерлери Мексико Сити жана Канкунга жасай турган сапарлары 21 -  августта башталып Стамбул  - Мексико Сити – Канкун  -  Стамбул багытында болуп жумада үч күн ишке ашырылат.

«Ватан» гезити «Алмурут менен айва 2018 -  жылды экспорт рекорду менен жапты» деген маалыматында Түркиянын түрдүү шаарларында өстүрүлгөн алмурут өткөн жылы 53 өлкөгө экспорттолгондугун жазган. Алмурутту тышка сатууда 2018 -  жылы андан мурунку бир жылга караганда 33, 7 пайызга өсүп, 36, 2 миң тоннадан 48, 5 миң тоннага чыгып,  экспорттон алынган киреше болсо 10 пайыздык өсүү менен 20, 3 миллиондон 22 миллион долларга жогорулады. Жалпы Түркияда айва экспорту да 2018 -  жылы көлөмү жактан 5 пайыздык өсүү менен 18, 9 миң тоннадан 19, 9 миң тоннага, баа базасында болсо 8 пайыздык өсүү менен 12, 4 миллион доллардан 13, 4 миллион долларга чыгып рекордго жетти.



Тектеш кабарлар