Түрк басма сөзү  11.01.2019

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1123677
Түрк басма сөзү  11.01.2019

«Йени шафак» гезити «Таймс: Эрдоган ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм тууралуу туура айтат» деген кабарында англис гезити Таймстын интернет сайтындагы анализде президент Р. Т. Эрдоганга ЙПГ тууралуу колдоо көрсөткөндүгүн жазган. ПКК менен ЙПГнин айырмасынын жок экендиги баса белгиленген кабарда дүйнөнүн алдыңкы капиталист күчү болгон, НАТОнун жана батыш союздаштыгынын лидери АКШнын идеологиясы, модасы өткөн марксизм менен Мюррей Букчин аттуу аз таанылган бир анархист философтун ишеничинин арасында калган террордук уюм ЙПГ/ПККны колдошун түшүнүүгө болбой тургандыгы айтылууда.

«Ватан» гезити «АКШ делегациясы Патриот сатышы үчүн келет»деген маалыматында 15 – 16 -  январда АКШдан бир делегациянын Патриот абадан коргонуу системаларын сатуу сүйлөшүүлөрү үчүн Түркияга келерин жазган. АКШ делегациясы алдыбыздагы жумада коргоо өнөр жай төрагалыгында жолугушууларды өткөрөт. АКШ тарабынын Патриот сатышы үчүн алдыңкы шарты Түркиянын Орусиядан С  - 400дөрдү алуудан баш тартышы. Бирок Түркия С  - 400дөрдү алууда чечкиндүү. Түркиядан бир делегация да январь айынын акырында Вашингтонго барат.

«Сабах» гезити «Улуттук программадан биринчи кабар» деген макаласында аскердик платформалар жана командирлик борборлорунун ортосундагы тактикалык маалыматтарды ишенимдүү ташуу максатында жүргүзүлгөн иштерде маанилүү бир ийгиликке кол койгондугун жазган. Программа технологиялары фирмасы MilSOFT фирмасы тарабынан жергиликтүү жана улуттук тактикалык маалыматтар шилтемеси менен түзүлгөн бир желенин колдонулушуна мүмкүнчүлүк берет. Ийгиликтүү тест кылынган программанын биринчи  берген кабары «Саламатсыңбы тарыхый учур» болду.

«Хабер түрк» гезити «Максат 70 миллион турист, 70 миллиард долларлык киреше» деген кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой Нидерландиянын Утрехт шаарында бул жылы 49 -  өткөрүлгөн туризм жарманкесине катышкандыгын жазган.

Түрк туризмчилери чоң кызыгуу көрсөткөн жарманкеде министр Эрсой түрк туризминин 2018 -  жылы олуттуу бир ылдамдыкка жеткендигин белгиледи. 2019 -  жылы турист саны жактан 18 – 20 пайыздык өсүү күтүшкөндөрүн белгилеген Эрсой : «2019 -  жылы 52 миллион турист санына жетебиз. Максатыбыз бийик. Жаңы Максатыбыз 70 миллион турист, 70 миллиард долларлык киреше»,- деди.

«Стар» гезити «Адал туризмчини сыймыктандырган сыйлык» деген макаласында адал туризм тармагында Түркияда жол башчы, конокторун эч шексиз мыкты тейлеген Анталиянын туризм бермети Алания районундагы 5 жылдыздуу Adin Beach Hotel бүткүл дүйнөдө 900 миң мейманкана, 8 миллион эс алуучунун берген баллдарын негиз кылып алып түзгөн сыйлык тизмесине атын жаздырды. Adin Beach Hotel “HolidayCheck 2019” сунуш кылынган мейманкана сыйлыгынын ээси болду.



Тектеш кабарлар