Түрк басма сөзү-10.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1103840
Түрк басма сөзү-10.12.2018

«Стар» гезити «Түркиянын жарандык авиация тармагынын сатышы 110 миллиард лирага жетти» аттуу маалымтында Түркиянын жарандык авиация тармагынын 2003-жылы 3 миллиард лира болгон сатуусу учурда 110 миллиард лирага жеткенин маалымдаган. Аба транспорту Түркияда экономикалык абал, өнүккөн технология жана арткан атаандаштык аркылуу ылдам өнүксө, авиацияда дүйнөлүк орто эсептен үч эсе көп өсүү ишке ашты.Аба жолу жүргүнчү санында дүйнөдө онунчу, Европада төртүнчү орунду ээлеген Түркияда 2003-жылдан бери улантылган саясаттардын натыйжасында аба жолу фирмаларынын учак саны 220 пайызга, орундук көлөмү 254 пайызга, жүк ташуу көлөмү 449 пайызга жогорулады, ал эми өлкө ичинде жана тышында каттаган жерлердин саны 351ге жетти.

«Йени шафак» гезити «Түрк технологиясы АКШ жана Европанын коопсуздугуна талапкер» аттуу маалыматында түрк инженерлеринин чыгармасы болгон акылдуу кайгуул вилосипеди «Ekin Bike Patrolдун» жаңы версиясы чыкканын жазган. АКШдагы таанытуучу кеңсесинде эффективдүүлүк жана технология жарманкесинде көрсөтүлдү. Ekin Bike Patrol,жүрүп бара жатканда номерди аныктап, парк жана ылдамдыкты бузууларды белгилей алат. Туруктуу системалар жана моторлуу унаалар текшере албаган аянттарда да шектүү унааларды, ылдамдык жана парк эрежелерин бузууларды белгилей алат.

«Хүррийет» гезити «Газипашадан чыгууда, дүйнөгө экспорттолууда» аттуу маалыматында Антальянын Газипаша районунда быйыл алгач ирет Орусия, Грузия жана Украинага авокадо экспорттоло баштаганын жазган. Райондо жалпы 1700 декардык авокадо бакчасында жыл сайын орто эсеп менен 850 тонна түшүм алынууда.

«Хабер түрк» гезити «Ливанда Түрк кино жумалыгына чоң кызыгуу» аттуу кабарында Ливандын Траблусшам шаарында өткөн «Түрк кинолору жумалыгы» иш-чарасы абдан чоң кызыгуу жаратып башталганын жазган. Түркиянын Бейруттагы элчиси Хакан Чакыл, конокторго кыскача сөз сүйлөп, түрк тасмалары жөнүндө маалымат берди. Бул жерде көрсөтүлө турган 4 кино тасмадан бири болгон «Айлага» да атайын токтоло кеткен Чакыл, чыныгы аңгеме болгон Айланы сөзсүз көрүүнү сунуштады.

«Сабах» гезити «Алжирде түрк сериалдарынын доору» деген маалыматында араб өлкөлөрүндө акыркы жылдарда абдан жактырылган түрк сериалдары Алжирде абдан кызыгуу жаратууда экенин маалымдаган. Бир убактарда Мексика, Бразилия жана Египет сериалдарын көргөн алжирдиктер, эми болсо түрк сериалдары менен экрандарга байырлап жатышат. Алжирдеги көп сандаган каналда «Дирилиш Эртугрул», «Сен түшүндүр Карадеңиз» сыяктуу сериалдар көрсөтүлүүдө. Түрк сериалдарынын мынчалык жактырылышынын себеби болсо чыгарылыштын сапаты жана сценарийлеринен болуп жатканы айтылууда.

 



Тектеш кабарлар