Түрк басма сөзү 19.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1052332
Түрк басма сөзү 19.09.2018

«Сабах» гезити «Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы менен сүйлөштү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу жана АКШлык кесиптеши Майк Помпео Идлиб меморандумуна байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү.  

«Йени шафак» гезити «Акар : Орусия менен координациялуу улантылат» деген маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Сочиде түзүлгөн меморандумду тараптар жана аймак калкы үчүн маанилүү экендигин айтып : «Идлибдеги аскердик позициябыз тууралуу иштерибиз ушул күнгө чейин болгондой Орусия менен координациялуу түрдө улантылат»,- дегендигин билдирген.

«Стар» гезити «Тышкы иштер министрлиги АКШ калкына көңүл айтты» деген кабарында Түркиянын АКШда болгон «Флоренция» борошосунан көптөгөн кишинин каза болуп жана жараланышынан санааркоо болгондугу жазылган. Тышкы иштер министрлиги АКШда  катуу болгон «Флоренция» борошосу себеп болгон  жоготуулар үчүн көңүл айтты. Маалыматта : «Борошодо каза болгондордун жакындарына жана АКШ калкына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнө Түркиянын бул жерине суктанат! Сандар жыл өткөн сайын өсүүдө» деген кабарында Гөкова булуңундагы Седир аралында «Клеопатра пляжы» жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көздөгөн жери болгондугун билдирген.

Атайын экологияны коргоо аймагындагы Седир аралынын жергиликтүү жана чет элдик туристтерден да чоң кызыгуу көргөндүгүн айткан Мугла маданият жана туризм директорунун өкүлү Филиз Каражаагач бул айда орус жана украиналык туристтердин да кызыгуусун тарткандыгын баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Түрк балыгы дүйнөдө кааланган балык болду» деген макаласында суу продукциялары жана мал эти сектору 2018дин биринчи 8 айында 1 миллиард 625 миллион долларлык деңгээлде экспорт кылгандыгын билдирген. Мунун 640 миллион долларынын сүт азыктары сектору тарабынан ишке ашырышкандарын билдирген суу продукцияларын өндүрүү борборунун төрага орун басары Ихсан Бозан : «Өлкөбүз өндүргөн деңиз окуну жана деңиз лещи көпкө созулган эмгекектин натыйжасында сапаттуу түрдө белгилүү бир баскычка келди. Азыктардын коопсуздугу тууралуу алынган сертификаттар менен түрк балыгы кааланган балык болду»,- деди.



Тектеш кабарлар