Түрк басма сөзү 12.09.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1048267
Түрк басма сөзү 12.09.2018

«Стар» гезити «Идлибге карата кол салуулар саясий процесске тескери таасирин тийгизет» деген макаласында президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын президенттик комплексте кабинет жыйынында  дүйнөнү Идлибге карата ыктымалдуу кол салууларды токтотууга  чакырып, бир саясий чечүүчү жол табуу боюнча макулдашуу керектигин айтканын жазган. Калын : «Идлибге карата кол салуу саясий процесстерге тескери таасир тийгизет, Европага таасирин тийгизе турган көч толкунуна себеп болот. Батышты, АКШны, аймак өлкөлөрүн бирдикте ыктымалдуу кол салууну токтотууга чакырабыз»,- деди.  

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглунан Идлиб билдирүүсү: сунушубуз ачык» деген кабарында Румынияда өткөрүлгөн Түркия  - Румыния  -Польша тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Сириядагы абалдын баарын кызыктыргандыгына көңүл буруп, бул тууралуу бирдей пикирде болгон өлкөлөр менен иштешкендерин белгилегендигин жазган. Идлибге режим менен бирге Орусиянын да кол салуусунун улантылгандыгын айткан Чавушоглу : «Сунушубуз ачык. Кол салуулар токтосун. Террордук топторду жок кылуу үчүн бирдикте иштейли»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлигинен АКШга каршылык» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой : «Вашингтон Палестина Боштондук Уюмунун өкүлчүлүгүн жабуу чечими АКШнын Жакынкы Чыгыш Тынчтык процессинде тарапсыздыгын жок кылышынын көрсөткүчү»,- дегендигин маалымдаган. Аксой Түркиянын Палестина калкынын доосунда алардын жанында болууну улантарын баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Сирия чек арасында чоң түрк байрагы» деген кабарында Сирия чек арасындагы Шанлыурфанын Жейланпынары районунда бир дөңсөөгө 150 метр квадраттык түрк байрагынын тигилгендигин жазган. Байрактын тигилиши менен Жейланпынары муниципалитети тарабынан Өзбек мааласынын жакындарындагы дөңсөөдө азем өткөрүлдү. Аземге Жейланпынары муниципалитетинин төрагасы Мендерес Атилла, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын райондук төрагасы Халид Шимшек менен муниципалитет мүчөлөрү жана көп сандаган киши катышты.

«Сабах» гезити «Биринчи атыш ийгиликтүү ишке ашты! Тарыхка жазылат» деген кабарында Түркиянын  алгачкы улуттук тик учары Т  - 625 түрк коргонуу жана авиация өнөр жайынын долбоору жана өндүрүштө келген жерин көз алдына алып келди. Мотор чыгаруу проектисинде бул системанын эң негизги тетиги болгон мотордун алдыңкы прототиби чыгарылды жана алгачкы атуунун ийгиликтүү аткарылгандыгын жазган.



Тектеш кабарлар