Түрк басма сөзү 13.02.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

909435
Түрк басма сөзү 13.02.2018

«Стар» гезити «Йылдырым Европанын баары абдан чоң жаза төлөйт» деген маалыматында премьер  - министр Бинали Йылдырым расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга сапар менен келген Македониянын премьер  - министри Зоран Заев менен биргелеше маалымат бергендигин жазган. «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу сөз сүйлөгөн Бинали Йылдырым : «Эгерде Түркия буларга ээ чыкпаса Европа качкын кризиси жана террор толкунан жабыр тартат. Муну тилекке каршы Европа Биримдигинин жетеринче көрбөй жаткандыгын көрүп турабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Вице  - премьер Хакан Чавушоглу : АКШнын мамилеси карым  - катнаштарды үзө турганчалык деңгээлде» деген маалыматында вице  - премьер Хакан Чавушоглунун ТРТда күн тартиби тууралуу маалыматтарды бергендигин жазган. Чавушоглу АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун 2019 – жылдын бюджетинен  Сирия демократиялык күчтөр деген атты колдонгон ПЙД/ПККга машыктыр  - камсызда үчүн 300, уюмга курдуртулган чек ара коопсуздук күчү үчүн 250 миллион доллар бөлгөндүгүнө байланыштуу АКШнын бул мамилесин  улантышы биз үчүн ансыз да билинген бирок эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды дээрлик үзө турган деңгээлге алып келе турган мамиле деди.


«Йени шафак» гезити «Тиллерсондун сапарынан мурда Чавушоглунан  маалымат» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют  Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Анкара сапарынан мурда маанилүү маалымат бергендигин жазган.  АКШнын убадасында турбагандыгын белгилеген Чавушоглу : «Карым – катнаштар оңолот же толугу менен бузулат»,- деди.

«Ватан» гезити «Бир өлкө дагы Түркиядан тик учар сатып алат» деген маалыматында Филиппиндердин коргоо министри Дельфин Лорензана жалпы максаттагы тик учар сатып алуу үчүн Түркия, Корея, Орусия жана Кытай менен келишим түзүүнү ойлокшкондорун айтты.

«Сабах» гезити «GLAFRIнын глобалдык башчылыгына бир түрк шайланды» деген маалыматында Assan Alüminyumдун  башкы директору Гөксал Гүнгөрдүн 28  өлкөдө иш алып барган  жана 60 мүчөсү менен глобалдык өндүрүштүн 50 пайызга жакынына ээ болгон Глобал алюминий фольгасын өндүрүүчүлөр инциативинин глобалдык башкаруучусу болгондугун жазган.



Тектеш кабарлар