Түрк басма сөзү 12.02.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

908667
Түрк басма сөзү 12.02.2018

 

«Хүррийет» гезити «Маселелерди сүйлөшүштү» деген маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси генерал-лейтенант МакМастер менен Стамбулда жолугушканын билдирген. Жолугушууда Түркия менен АКШнын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк карым-катнаштары тастыкталып, эки өлкөнүн алдыңкы пландары жана сезимталдуулуктарынын каралганы маалымдалды. Сүйлөшүүдө өзгөчө көптөн бери өнөктөш болгон Түркия менен АКШнын ортосундагы алакалар, орток стратегиялык сыноолор жана аймактык абал боюнча пикир алмашлганы белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Башкы штабдын төрагасы Акардан Африн билдирүүсү» деген маалыматында башкы штабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акардын Африн туурасында маалымат бергенин билдирген. Акар: «Шейиттерибиздин жана ардагерлерибиздин бир тамчы каны дагы жерде калтырылбайт»,-деди. Хатайда «Зайтун бутагы» операциясы боюнча иликтөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзгөн армия генералы Хулиси Акар операциянын негизги максатынын чек аранын тышында жана Афринде тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышы, аймак элинин террористтердин зулумунан куткарылышы жана Түркиядагы сириялыктардын коопсуз түрдө өз үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо экенин эске салды.

«Ватан» гезити «Үйлөрдүн газы Туз көлүнөн» деген маалыматында Туз көлүндө газ запастоо иштеринин башталганын билдирген. Аксарайдын Султанханы районунда курулган жана 2023-жылы толук ишке кире турган бул ишкана аркылуу Түркиянын турак жайларда бир жылдык газ керектөөсүнүн 50 пайызын камсыздай ала турган 5,4 миллиард куб метр газды запастап, зарыл болгон учурда колдонулушу максатталууда.

«Стар» гезити «Өкмөт сүйүнчүлөдү: 48 саатта көчөбүз» аттуу маалыматында транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арсландын, Стамбулдагы жаңы аэропорттун 80 пайызынын бүткөрүлгөнүн билдиргенин жазган. Арслан аэропорттун 2-октябрда тейлөөгө ачыла турганын айтып: «48 саатта көчүп, 24 саатта да учуу иштерин бул жерге өткөрөбүз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Мөңгүлөрдү иликтеген түрк илимпоз аял» деген маалыматында түркиялык аял илимпоз Буржу Өзсой, Антарктидада ай жылдыздуу желекти желбиреткен изилдөөчү топтун лидерлигин милдеттенип, жүргүзүп жаткан иштери менен Түркиянын жана аялдардын сыймыгы болгонун билдирген. 2-Улуттук Антарктида илимий сапар тобунда 4ү аял жалпы 27 катышуучунун орун алганына көңүл бурган Өзсой, быйыл 10 илимпоз аялдын материкте изилдөөлөрдү жүргүзө турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар