Түрк басма сөз 17.01.2018

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

890059
Түрк басма сөз 17.01.2018

«Хүррийет» гезити «Эрдоган Африн операциясын сириялык оппозициячылдар менен жүргүзөбүз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынынан кийин журналисттерге берген маалыматында Сириянын түндүгүндө террор уясы болгон Афринге жүргүзүлө турган операцияны сириялык оппозициячылдар менен бирге жүргүзүшөрүн белгилегендигин жазган.

«Сабах» гезити «Президент Эрдогандан тарыхый сапар» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган 5 -  февралда Папа Фрэнсистин чакыруусу менен Ватиканга барарын жазган. Эрдогандын католиктердин руханий лидери Папа Фрэнсис менен жолугушуусунда негизги күн тартип маселеси Кудус болот.  Президент Эрдогандын Ватикан сапары 59 жылдан кийин президенттик деңгээлде өтө турган биринчи сапар болот.

«Хабер түрк» гезити «Башкы штабдын төрагасы Акардан ПЙДге каршылык: уруксат бербейбиз жана бере албайбыз» деген маалыматында  башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар Бльгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО аскердик комитеттин башкы штаб төрагалары жыйынынын ачылуу отурумунда сүйлөгөн сөзүндө : «ПККнын уландысы экендиги ачык далилдер менен такталган террордук уюм ЙПГнин «операциялык өнөктөш» деген аттын астында колдоого алынышы жана курал берилишине уруксат бербейбиз. Бул жаңылыштыктан кыска убакытта кайтышы керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «80 миллиарддык 20 проекти» деген маалыматында экономика министри Нихат Зейбекчи «Түркиянын өз чоң мүмкүнчүлүктөрүн жаратышы» деп аныктаган жана импорту жогору секторлорго карата проекти базалуу системадагы жалпы 80 миллиард лиралык инвестиция проектилерине байланыштуу чечимдерди айдын акырына чейин министрлер кеңешинде чыгарууну пландашкандарын айткандыгын жазган. Зейбекчи колдоо бериле турган проекти санынын да 20га жеткендигин айтты.

«Стар» гезити «Германиядан 4 миллион турист күтүлүүдө» деген маалыматында Түркия саякат агенттиктери биримдигинин өлкө тышы өкүлү Хүсейин Баранер дүйнөнүн эң чоң эс алуу жана туризм жарманкелеринин бири катары  кабыл алынган жана 13 – январда башталган 50 -  Караван – Мотор  -  Туризм (CMT) жарманкесинде түрк стендине чоң кызыгуулардын болгондугун айтканын жазган.



Тектеш кабарлар