Түрк басма сөзү-10.10.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

824093
Түрк басма сөзү-10.10.2017

«Стар» гезити «Эрдоган АКШга каршылык көрсөтүп; биз укук мамлекетибиз» деген маалыматында АКШнын Консулдугунда кызмат кылган Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ менен байланышы болгон бирөөнүн кармалышы менен АКШ Элчилиги виза берүүнү токтотконун жазган. Түркия да ага дароо эсеси менен жооп берди. Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен эки тараптуу түрдө визалардын токтотулушуна сереп салды. АКШнын виза токтомунун капага салуучу экенин баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын ошого жараша иш-аракет кылып эсэси менен жооп кайтарганын белгилеп кетти. Эрдоган: «Алардын жарыялаган тексти кандай болсо ошого жараша ага окшогон текстти биздин АКШдагы элчибиз дароо жарыялады. Процесс ушундай эле»,-деди.

«Сабах» гезити «Оюн кайрадан ишке ашкан жок» аттуу маалыматында тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктар багытында кыймыл кылып, ар түрдүү саясий жана экономикалык кол салууларга карабастан экономикалык өсүү ылдамдыгын арттырган Түркия, дагы бир жолу бута тактайына коюлганын жазды. 2013-жылдын май айынан бери Гези паркы оюндары, 17-25-декабрь операциясы жана ФЕТӨнүн мыкаачылык 15-июль төңкөрүш аракетине карабастан баш тартпастан жолун уланткан Түркия, бул ирет АКШнын виза берүүлөрүн токтотуу менен курчоого алууга аракет кылып жатканда, базардагы реакция аркылуу өрткө күкүрт чачуу операциясы ишке жарабай калды. АКШнын Түркияда виза процедураларын токтотушу жана Түркиянын буга жооп кайтарышынын таасири менен АКШ долларындагы олку-солкулук ылдый багытты көздөй баратат.

«Йени шафак» гезити «Түрк экономикасынын пайдубалдары бекем» аттуу маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшек менен экономика министри Нихат Зейбекчинин АКШ менен болгон виза кризисинен кийин социалдык медиа тармагында сереп салганын баяндаган. Жарыясында Түркиянын акыркы 10 жылда бир топ олку-солкулуктардан ашып өткөнүн баса белгилеген вице-премьер Шимшек: «Экономикабыз да соккуларга каршы туруктуу экенин далилдеди. Макроэкономикалык ырааттуулукту коргойбуз»,-деди. Экономика министри Нихат Зейбекчи болсо социалдык медиа тармагындагы бөлүшүүсүндө, «Экономикабыз спекуляциялык операциялардан таасир албай турганчалык чоңдук жана бекемдикте экенин көп жолу далилдеди. Түркия ишенгендерге киреше алып келет»,деген пикирин жазды.

«Ватан» гезити «Идлиб-Африн чек арасындагы үч жер Түрк куралдуу күчтөрүнө калтырылат» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн белгилөө иш-аракеттеринин алкагында чек арадан өтүп Сириянын Идлиб аймагына киргенин маалымдаган. Аймакка мурдараак кирген Түркия колдогон Эркин Сирия армиясы менен берки топтордун арасында Идлибде болгон сүйлөшүүлөр макулдашуу менен жыйынтыкталды. Буга караганда берки оппозициячыл топтор жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын көзөмөлүндөгү Африн чек арасын да камтыган Идлибдин түндүгүн Эркин Сирия армиясына калтырат. Идлиб-Африн чек арасындагы үч жер жана Сириянын режим аскерлери орун алган чек ара багыты да Түрк куралдуу күчтөрүнө калтырылат.

«Хабер түрк» гезити «Ирактын күрт аймактык башкаруучлугу экономикалык жактан Түркияга муктаж» деген маалыматында Turcas Petrol  башкаруу кеңешинин мүчөсү жана АКШнын Бакудагы мурдагы элчиси Мэтью Брайзанын Ирактын күрт аймактык башкаруучлугунда (ИКАБ) 25-сентябрдагы мыйзамсыз көз карандысыздык референдуму тууралуу сереп салганын жазган. Брайза: «ИКАБдын экономикалык жактан жашоосун улантышы үчүн Түркияга көз каранды экенинин чындыгын эстеши керектигин ойлоодомун. ИКАБдын энергия булактарын акчага айландыра алуусу үчүн жалгыз жол Түркия. Түркия чындап эле күчтүү позицияда турат»,-деди. Акыры барып Түркия аркылуу Керкүктөгү энергия булактарынын экспорту улана турганына ишенгенин айткан Брайза: «Бул болууга мажбур. Маселе бул жерге канчалык ылдам жете ала турганыбызда»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар