Түрк басма сөзү 11.09.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

804620
Түрк басма сөзү 11.09.2017

«Хүррийет» гезити «Ислам дүйнөсүнө биримдүүлүк чакырыгы» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдоган Ислам өлкөлөрүнүн бөлүнүүгө же чыңалууга эмес, биримдүүлүккө муктаж экенин белгилеп: «Мьянмадагы мусулман туугандарыбыз тарткан зомбулук, кыйноо жана сүргүндөрдүн токтотулушу үчүн да чогуу аракет кылышыбыз керек»,-дегенин жазган. Ислам Кызматташтык Уюмунун Илим жана технология саммитинин биринчиси кечээ Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлдү. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жетекчилигиндеги саммитте Түркияны президенти Режеп Тайип Эрдоган өкүлдүк кылды.

«Стар» гезити «10 жылдын ичинде 300 миллиард доллар инвестиция салабыз» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырымдын Эскишехирде иш дүйнөсү менен бейөкмөт уюмдарынын жолугушуусуна катышканын билдирген. Келээрки он жылдын ичинде бир гана транспорттук инфраструктура үчүн инвестициянын 100 миллиард доллар болоорун баса белгилеген Йылдырым, саламаттык сактоо технологияларына да 100 миллиард доллар инвестиция салына турганын билдирди. Илим, технология, байланыш жана санариптик чындык тармагында да 100 миллиард долларлык инвестиция салына турганына көңүл бурган Йылдырым: «300 миллиард долларлык инвестициядан сөз кылып жатамын. Өтө узак жылдарга эмес 10 жыл үчүн айтып жатам. Булардын бардыгын пландап жатып жөн эле турбай элебиз. Өлкөбүздү дүйнөлүк инвесторлор жагынан тартуучу борборго айландыруу үчүн да болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия гана жардамга чуркады» деген маалыматында дүйнө жүзү Аракан мусулмандарынын маселелерине кулак салбаса, Түркия калың топ делегация менен Бангладештеги лагерлерге барып мусулмандардын кайгысын тең бөлүшкөнүн билдирген. 2012-жылдан бери Аракан мусулмандарынын трагедиясына жакын байкоо салган жана өткөн жума күнү аймакка бир миң тонналык жардам таратууну баштаган Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) жетекчиси Сердар Чам: «БУУ барган сайын жок болуп баратат. Араканда бир гана Түркия бар эле»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркияга каалганы жабуу туура эмес» деген маалыматында Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн токтотулушунун туура эмес экенин айтканын жазган. Ципрас 82-Эл аралык Салоники жарманкесинин алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кризис менен бирге Грецияга баш калкалоочулардын агымы 64 пайыз өстү.  

«Хабер түрк» гезити «Майрамдык эс алууда 30 миллион киши саякат кылды» деген маалыматында Курман айт майрамынан улам 10 күнгө чыгарылган сезондун акыркы эс алуусун пайдалангысы келген 30 миллион жарандын саякат кылганын билдирген. Майрамда авто жол жана көпүрөлөрдү колдонгон унаалардын саны 15,5 миллионго жетти. Курман айт майрамы бою аэропорттордо 7 миллион 156 миң 31 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү. 10 күндүк мөөнөттө жалпы 1 миллион 830 миң киши саякатында поездди тандады.



Тектеш кабарлар