Түрк басма сөзү 18.08.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

792623
Түрк басма сөзү 18.08.2017

«Хабер түрк» гезити «Билдирүүлөрүнө көңүл бурбоо керек» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Бажы биримдигинин  актуалдашуусу тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу : «Германияда болуп жаткан шайлоо атмосферасында берилген маалыматтар. Анча деле көңүл бурбоо керек»,- деди.

«Ватан» гезити «Иран  менен Түркия чалгындоо кабарларын бөлүшөт» деген маалыматында Ирандын башкы штабынын төрагасы, генерал – майор Мухаммед Бакыри Түркиядагы жолугушууларына байланыштуу Иран медиасына берген маалыматта эки өлкөнүн террор менен күрөшүүдө чалгындоо кабарларын бөлүшүү жана операциялык кызматташтык түзүшөрүн айткандыгын билдирген. Аскердик кызматташтык жана чек ара коопсуздугу темаларында эки өлкөнүн абдан мыкты макулдашууларды түзгөндүгүн айткан Бакыри : «Биргелеше билим берүү жана студенттерди алмаштыруу тууралуу макулдаштык. Эки өлкөнүн деңиз флоту бири бирине сапар менен барат. Аскердик машыгууларда байкоочулары катышат»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Гүл немис кесиптеши менен сүйлөштү» деген маалыматында адилеттик министри Абдулхамит Гүл немис кесиптеши Хейко Маас менен бир саатка жакын телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Адилеттик министрлигинен берилген маалыматта : «Эки өлкөнүн ортосундагы көп тараптуу темалардын жана эки тараптуу адилеттик кызматташтык жагдайлары каралган сүйлөшүү абдан мыкты өттү»,- деп айтылды.

Маалыматта эки министрдин «сүйлөшүүлөрдүн улантылышы жана кыска убакытта жолугушуу тууралуу» макулдашышкандары да белгиленди.

«Сабах» гезити «Геракл саркофагы 6 -  сентябрда келет» деген маалыматында маданият жана туризм министрлигинин демилгеси менен  Швейцариядан  тапшырылышы тууралуу келишим түзүлгөн Геракл саркофагы 6 -  сентябрда Түркияга алып келинет.

Өткөн күнү биздин заманга чейинки 2 -  кылымга барган жана 50 жылдан ашуун убакыттан кийин кайрадан таандык болгон жерге кайта турган Геракл саркофагы Анталья музейинде көргөзмөгө коюлат.

 

Рим мезгилине таандык 2 метр 35 сантиметрдик узундуктагы жана 112 сантиметрдик кеңдиктеги Геракл саркофагы 2010 – жылы Женева портунда швейцариялык жетекчилердин инвентарь текшерүүсү учурунда конфискацияланган.

«Йени шафак» гезити «Түркия Маариф фонду Казакстанда билим берет» деген маалыматында Түркия Маариф фонду 2017 – 2018 -  билим берүү жылында Казакстанда билим берерин жазган. Фонддон берилген маалыматка караганда Дүйнөлүк Ахыска түрктөрү биримдиги менен кол коюлган протокол менен Казакстандын Алматы шаарындагы Талгар лицейинин башкаруусу Түркия Маариф фондуна өткөрүлдү.

Фонддун төрагасы профессор Бирол Акгүн менен Дүйнөлүк Ахыска түрктөрү биримдигинин төрагасы Зиятдин Кассанов тарабынан кол коюлган протоколдун негизинде 350 орундуктуу болгон жана 500 окуучуну ала турган Талгар лицейи жаңы билим берүү жылын Түркия Маариф фондунун башкаруучу жана билим берүү кадры менен баштайт.



Тектеш кабарлар