Түрк басма сөзү 06.07.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

765614
Түрк басма сөзү  06.07.2017

«Йени шафак» гезити «Гемания жанын кыйып жатат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Германиянын ал жердеги түрк жарандары менен сүйлөшүүсүнө уруксат бербестен жанын кыйып жаткандыгын айтканын билдирген.

Президент Эрдоган Греманиянын Гамбург шаарында  7 – 8 -  июлда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинен мурда немис басма сөзүнө маанилүү маалымат берди.

Чоң жыйырмалардын саммитинен кийин Германиядагы түрктөр менен жолугушуусуна оң карабаган Берлин башкаруусуна катуу каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Германия ал жердеги түрктөр менен сүйлөшүүмө уруксат бербей өз жанын кыюда»,- деди.

«Стар» гезити «АКШлык министр Түркияга келет» деген маалыматында АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун 9 – 10 -  июль күнү Стамбулга келип жогорку мартабалуу түрк жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөрүн жазган.

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Тиллерсондун АКШнын президенти Дональд Трамптын Германия сапарында коштой тургандыгы, андан кийин  9 -  июлда Украинанын борбор шаары Киевге барып президент Петр Порошенко менен жолугушары белгиленди.

«Сабах» гезити «Электрде үзгүлтүксүз рекорд» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын бир жарым жылдан бери иштеп келе жаткан өткөрүү жана бөлүштүрүү базисиндеги жаңылануу эмгектери электрде рекордго жетти. Улуттук энергетика жана кен байлык саясатын билдирген министр Албайрак андан мурда Түркиянын электр өткөрүү жана бөлүштүрүү базиси үчүн орточо мөөнөттө 30 миллаирд лиралык жаңылануу кыймылын башташкандарын билдирген болчу.

«Ватан» гезити «Стамбул, Анкара жана Измир аэропорторуна адам денесин текшерүүчү дедектор» деген маалыматында АКШ каттамындагы учактарда көрүлгөн чаралар менен электрондук аппараттарга тыюу салуунун жоюлгандыгын жазган. Бул жолу ички жана тышкы каттамдарга адам денесин текшерүүчү дедекторлор жайгаштырылууда. Биринчи партия Ататүрк аэропортуна алып келинип тургузула баштады. Адам денесин текшерүүчү дедекторлорго кирген жүргүнчүлөр рентген өзгөчөлүгүнө ээ текшерүүчү аппараттан өтөт. Аппарат денеге жашырылган мыйзам тышы кандайдыр бир объектини аныктай алат.

«Хабер түрк» гезити «Жылдызды белекке бердим» деген кабарында Израилдеги Европа жаштар сүзүү чемпиондугунда 50 метрде 23. 72 даража менен Түркия рекордуна жетип алтын медалга жетишкен Үмит Жан Гүреш энесине берген убаданы орундаткандыгы үчүн бактылуу экендигин айтканын жазган.



Тектеш кабарлар