Түрк басма сөзү 22.05.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

736501
Түрк басма сөзү 22.05.2017

«Йени шафак» гезити «Ооба, каякка жеттик эле» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Анкара Арена спорт залында кечээ өткөрүлгөн 3-кезексиз курултайда 1414 добуш менен кайрадан «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын башкы жетекчилигине шайланганын жазган. Залды толтурган партиялыктар менен «Ооба, каякка жеттик эле» деп саламдашкан президент Эрдоган: «Бүгүн дагы бир жолу дуба кылып, чоң максаттар үчүн ишке киришип жатабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Грек президенти биринчи жолу Түркияда» деген маалыматында Грециянын президенти Прокопис Павлопулос Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулган саммитке катышуу үчүн бүгүн Стамбулга келээрин билдирген. Павлопулос саммит убагында президент Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат. 67 жашындагы Павлопулос Түркияга келген биринчи грек президенти болот.

«Сабах» гезити «Круиздердин дүйнөлүк лидери» деген маалыматында түрк компанияларынын дүйнөлүк аренадагы ийгиликтерине күн сайын жаңылары кошулуп жатканын билдирген. Бул компаниялардын бири болгон Глобал Ports Холдинг акыркы жылдардагы аракети менен дүйнөнүн лидер круиз порт ишканаларынын бири боло алды.

«Ватан» гезити «Европанын чемпиону» деген маалыматында Түркиянын баскетбол боюнча Фенербахче эркектер командасы Түрк аба жолдору Европа Лигасынын 2017-жылдагы финалында Грециянын Олимпиакос командасын Стамбулда 80-64 упай эсебинде жеңип алып, Европа чемпиону болгонун билдирген. Бул жеңишти түрк эли эртең мененкиге чейин куттукташты.



Тектеш кабарлар