Түрк басма сөзү 28.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

722219
Түрк басма сөзү 28.04.2017

«Сабах» гезити «Референдумдун расмий жыйынтыгы» деген маалыматында Жогорку шайлоо кеңеши 16-апрелдеги элдик добуш берүүнүн так жыйынтыктарын жарыялаганын билдирген. Буга ылайык жарандардын 51,41 пайызы «макул», 48,59 пайызы «каршы» добушун беришти. «Макул» добушун бергендердин жалпы саны 25 миллион 157 миң 463, «каршы» добушун бергендердин саны болсо 23 миллион 779 миң 141 болду. Шайлоого катышкандардын саны 49 миллион 798 миң 855, жарактуу добуштардын жалпы саны да 48 миллион 936 миң 604.  

«Стар» гезити «Жаңы Түркия үчүн алгачкы кадам» деген маалыматында Президенттик системаны алып келген элдик добуш берүүдөн кийин чоң өзгөрүү баштала турганын билдирген. «Адилеттик жана өнүгүү» партиясында уюмдарга 21-майда өтө турган кезектеги курултай үчүн даяр туруу буйругу берилди. Президент Эрдоган 3,5 жылдан кийин «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын жетекчилигин өткөрүп алат. Эрдогандын акыркы шайлоодон кийин партияга жаңы толкундануу жана динамизм алып келүү үчүн чоң өзгөрүүлөрдү киргизиши күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Европа кылгандарына өкүнүп калат» деген маалыматында, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Түркияны көзөмөлгө алуу чечиминен кийин тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун киргизиле турчу санкцияларды жарыялаганын билдирген. Чавушоглу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын бюджетине эң көп салым кошкон өлкөлөрдүн бири Түркия экенин белгилеп: «Аны кыскартабыз жана эң аз төлөм төлөйбүз. Мурдагыдай кызматташуу болбойт, алар өкүнүп калышат»,- деди. Түркия өткөн жылы 33 миллион евролук салым кошкон болчу.

«Хүррийет» гезити «Максатыбыз өнөктөштүк» деген маалыматында АКШнын энергетика министри Рик Перринин Атлантика кеңешинин Стамбулдагы жыйындагы сөз сүйлөөсүндө, Түркиянын эң негизги энергетикалык трансфер өлкө экенин айтканын жазган. Перри: «АКШ Түркия менен көптөгөн тармакта кызматташуу түзгөндүгү үчүн сыкмыктанат. Жакшы соода өнөктөшүбүз, НАТОдо шериктешбиз жана андан дагы маанилүүсү доспуз. Биз Түркияны аймак үчүн негизги энергетикалык соода борбору катары эсептейбиз. Жакындан иштешүүнү улантабыз, анткени келечекке карай орток максатыбыз бар»,-деди.



Тектеш кабарлар