Түрк басма сөзү-25.04.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

720349
Түрк басма сөзү-25.04.2017

«Ватан» гезити «Синжарда операция» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Синжар тоосу жана Сириянын түндүк чыгышындагы Каракочак Тоосу аймактарына абадан жүргүзгөн операциясында террордук буталарды атканын жазган. Өкмөттөн Ирактын Синжар аймагында жикчил террор уюму ПККга уруксат берилбей турганы туурасында мындан мурда тез-тез маалыматтар берилген. Президент Режеп Таййип Эрдоган да Сириядагы «Евфрат калканы» кыймылынын террор менен күрөшүү темасында акыркы эмес, алгачкы операция болгонун жана операциянын Ирактагы террордук уяларды да камтый турганын баса белгилеген. Аба күчтөрү командири, армия генералы Абидин Үнал, Синжар темасындагы чечкиндүүлүгүн, «Синжардын экинчи Кандил болуусуна уруксат бербейбиз. Анткени Синжар Ирак менен Сирияны кошуп турган стратегиялуу аянт»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «15-июлда ансыз деле сынап көрдүңүз» аттуу маалыматында төңкөрүш аракети жана террор уюмдарына көрсөткөн колдоосу менен Түркиянын жана президент Эрдогандын жолун торой албаган Европанын жаман чакырыктарын баштаганын маалымдаган. Француз политологу Филипп Моро Дефарж, президент Эрдорганды жеңүүнүн жалгыз жолу ага кол салып өлтүрүүдөн өтө турганын айтты. Ал эми бул чакырык Эрдоган душмандыгынын келип жеткен жерин көрсөтүп койду. Каршы чыгуулар боюнча Дефарж, кечирим сураганга аргасыз болду. Эрдогандын адвокаты Хүсейин Айдын болсо Анкара республикалык прокуратурасына доо арызын берди жана бул теманын жалгыз эле укукчулар эмес, рух саламаттыгы менен алп урушкан доктурлардын да тийиштүү тармагына киргенин белгиледи. Акыл эсинин ордунда болгону белгиленген учурунда Дефарждын ПКК жана ФЕТӨ баштаган террор уюмдары менен байлынышы жана кол салуу буйругун кимдерге бергенинин териштириле турганы да талап кылынды.

«Сабах» гезити «Чанаккале намыс жана жан коргонуусу болуп саналат» деген маалыматында Чанаккале кургактык согуштары кубанычтуу майрамдалганын белгилеген. Чанаккаледеги аземге катышкан маданият жана туризм министри Наби Авжы, Чанаккале согушунун өзгөчө орунга ээ болгонун айтты. Авжы: «Чанакале коргонуусу, жашоо коргонуусу болгону сыяктуу эле намыс жана эркиндик үчүн жан берген жаштар коргонуусу болуп саналат. 1915-жылдан кийин жетилген бардык муундардын ушул руханий казынага чын дилден ээ чыгышы жана урпактарга мураска калтырышы керек»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул биржасы бардык убактардын туу чокусунда» деген маалыматында чет өлкө биржаларындагы ралли жана доллардагы чукул төмөндөө, Стамбул биржасын тарыхый рекордго жеткиргенин маалымдаган. Индекс эң акыркы жолу 4 жыл мурда 93398 баллга жетсе эми жаңы тарыхый рекордго жетишти. Бардык көрсөткүчтөр түркиянын экономкасынын жылдын экинчи чейрегинен тарта жогорулай турганы багытында.

«Стар» гезити «Түркиядан тең салмактуулуктарды өзгөртө турган кадам» аттуу макалада дүйнөдөгү жаратылыш газ жана мунай заттын 60 пайыздан ашыгы Түркиянын жакынкы чөйрөсүндө орун алганын маалымдаган. Бул жагынан алганда Түркия, энергетика коридору абалында. Түркиянын энерегетика тармагында кирген активдүү процесстин алгачкы кадамы болгон «Барбарос Хайреттин Паша» кемесинин Жер Ортолук деңизге түшүшү аймактагы тең салмактуулуктарды алмаштыра турганын жазган. Адистер табыла турган мунай зат жана жаратылыш газ резервдеринин Түркияга өтүшүн камсыздай турганын айтышууда.



Тектеш кабарлар