Түрк басма сөзү 27.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

699814
Түрк басма сөзү 27.03.2017

«Йени шафак» гезити «Европага катуу каршылык көрсөтүлдү» деген маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын Стамбулда элге кайрылуу сөзүндө, 16-апрелде өтө турган элдик добуш берүүгө бөгөт болуп террористтерди колдогон Швейцария, Нидерландия, Бельгия жана Германияны эскертип: «Бизди капаланттып жатасыңарбы, силер да капаланасыңар. Азырынча бул иштин башы эле»,- деди. Сөзүндө Сирия боюнча да билдирүүлөрдү айткан президент, НАТОдогу шерикетеш өлкөлөр менен катар Сирияда террордук уюмдар ПКК/ПЙДге колдоо көрсөткөн өлкөлөрдү эскертти. Эрдоган: «Кимде ким биздин маңдайыбызда келип улутубузду бөлүп-жарууга аракет кылган террордук уюмдар менен кызматташтык түзсө, эч нерсеге карабастан позициябызды алмаштырабыз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Болгариядан Түркиядагы шайлоочуга кысым» деген маалыматында Болгарияда кечээ өткөрүлгөн шайлоонун Түркиядагы добуш берүүлөрү кош жарандыгы бар түрктөр үчүн азап тартууга айланганын билдирген. Түрктөрдүн добуш беришине бөгөт болуу үчүн «Кирилл» тамгалары менен шайлоо комиссиясынын алдында жардам албастан арыз жазуу талап кылынгандыктан көптөгөн адам кечээки шайлоодо өз добушун бере алган жок.

«Хүррийет» гезити «Орустарга паспортсуз кирүү даярдыгы» деген мааламында референдум үгүттөөлөрүн Антальяда уланткан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Антальяда жашаган орустар менен жолугушканын билдирген. Орус жарандарынын Түркияга паспортсуз кире алуусу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды түшүндүргөн Чавушоглу, Орусия жарандарынын өздүк документтери менен Түркияга кире алуусу үчүн аэропорттордо атайын аппараттардын курула турганын айтты.

«Сабах» гезити «Үч рекорд гарантияланды» деген маалыматында авто унаа өнөр жайы 2017-жылга карата максатын жогорулатканын жазган. 2016-жылы өндүрүш жана экспортто рекорд жаңылаган авто унаа өнөр жайы 2017-жылы да жаңы рекорддорго карай бара жатат. Үстүбүздөгү жылды ылдам баштаган авто унаа өнөр жайы 2017-жылдын аягында өндүрүшүн 1 миллион 650 миңге, экспортун 1 миллион 350 миңге, экспортогу кирешесин болсо 27 миллиард долларга жеткирүүнү максаттап жатат.

«Стар» гезити «Юбилейин Стамбулда өткөрдү» деген маалыматында ипаниялык эң мыкты тенор Хосе Каррерас «Final World Tourдун» алкагында акыркы жолу Стамбулга келгенин билдирген. Грэмми сыйлыгын алган легендарлуу тенор Каррерас, Стамбулдагы юбилей концертинде музыка сүйүүчүлөргө унутулгус күн тартуулады.



Тектеш кабарлар