Түрк басма сөзү 6.03.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

685409
Түрк басма сөзү 6.03.2017

«Стар» гезити «Мен кааласам эртең барамын» аттуу макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Германия жана Нидерландияда түрк министрлеринин Конституциялык өзгөртүү үчүн референдумга карата үгүт иштерине уруксат берилбешине каршылык көрсөтүп: «Немис башкаруучулугуна жана демократияга ишенген дүйнө жүзүнө кайрыламын, эгерде эркиндик үчүн күрөшүп жаткан болсок, сөз эркиндиги тынчыбызды албаган болсо жана демократияга ишенсек биздин жолубузду эч ким торой албайт. Муну билип коюшсун. Мен Германияда нацизм аяктады болуш керек деп ойлогом. Көрсө дагы деле уланып жатыптыр. Эми Режеп Тайип Эрдоган Германияга келмек деп ойлоп жатышат. Мен кааласам эртең барамын. Ал жерге барам жана каалгадан киргизбей, сөз сүйлөтпөй койсо мен дүйнө жүзүнө жар саламын»,- деп айтты.

«Ватан» гезити «Европага барабыз буга тоскоол боло алышпайт» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Германиядан кийин башка Европа өлкөлөрүндө да үгүт компаниясынын алкагындагы иш-чараларга тоскоол болушуна каршылык көрсөткөнүн билдирген. Чавушоглу: «Барабыз жарандарыбыз менен жолугушабыз. Буга ПКК да бөгөт боло албайт жана жарандарыбыз менен болгон күчтүү байланыштан тынчы кеткендер да муну токтото албайт. Демократияны жактаган элибиз менен кайсы жерде болсо жолугабыз. Алар келип Түркияда кантип колдонуп жатса мен да барам колдоном. Эмне десе десин алардан корпойбуз жана баш тартпайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чоң операция» деген маалыматында Диярбакырдын Лиже районунда террордук уюм ПККга карай акыркы жылдардын эң чоң операциясынын башталганын билдирген. 10 күнгө созула турган операцияга 17 тик учак, 7 миң жандармерия, 600 атайын кыймыл полициясы жана 559 убактылуу айыл күзөтчүсү катышууда. Бир метрден ашкан калың кар каптаган тоолуу аймакта ийгиликтүү жүрүп жаткан операцияда коопсуздук күчтөрү менен ПККлык террористтердин ортосунда айрым учурларда кагылышуулар болуп жатат жана жок кылынган террористтердин сөөгү табылганы билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Түрксат 6А жергиликтүү жана улуттук болот» деген маалыматында транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан Түрксат 6Аны толугу менен улуттук жана жергиликтүү салымдар менен өндүрүүнү пландагандарын айтканын жазган. Түркиянын Космостук агенттигинин мыйзам долбоорунун Түркия Улуу Улуттук Жыйынына барганын эске салган Арслан: «Түркиянын Космостук агенттиги менен бирге мындан кийин спутник өндүргөн, спутник учурган бирок муну менен эле тим болбостон спутник экспорттгон өлкөгө айланууну каалап жатабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркияда ылдам өсүп жатабыз» деген макаласында чет элдик инвестордун кызыгуусу барган сайын артып уланганын билдирген. 137 өлкөдө кызмат көрсөткөн жана октябрь айында Түркияга кирген дүйнөнүн эң ири TV түйүнү Netflix Европа базар рыногу үчүн максаттарын жарыялаганын билдирген. 93 миллиондон ашуун мүчөсү болгон компаниянын башкы жетекчиси Рид Хастингс, өтүп кеткен алты айлык процесте Түркиядагы өсүү көрсөткүчтөрүнө абдан кубангандарын жана инвестициянын уланаарын да белгиледи.  



Тектеш кабарлар