Түрк басма сөзү 27.01.2017

Бүгүн чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

660289
Түрк басма сөзү 27.01.2017

«Хабер түрк» гезити «Түркия  - АКШ карым – катнаштарын нормалдаштыруубуз керек» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Африка сапарынан кайтып жатып учакта журналисттерге берген маалыматында АКШнын президенти Дональд Трамп менен бетме  - бет сүйлөшүүсүн «көп кеч калбастан» өткөрүүнү каалагандыгын айтканын билдирген. Эрдоган сүйлөшүүдөн күтүүсүн төмөнкүчө билдирди : «Карым – катнаштарыбызды чындыгында стратегиялык жактан карап чыгуубуз керек. Азыркы учурда абал жакшыбы? Жакшы эмес. Муну жакшыртуубуз керек. Жакынкы Чыгышта Түркия  - АКШ карым – катнаштарын да бекемдешибиз керек. Эки НАТО өлкөсүбүз бирок Жакынкы Чыгыш маселесинде эки НАТО өлкөсүнө жараша турган тилектештик ичинде экенибиз да айтыла албайт».

«Сабах» гезити «Грециядан тарыхый кыянаттык» деген маалыматында Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин аскердик тик учар менен Грецияга качкан 8  козголоңчу үчүн акыркы чечимдин чыгарылгандыгын билдирген. Грециянын жогорку соту 15 -  июлда активдүү роль ойногон ФЕТӨ мүчөлөрүн Түркияга тапшыруу талабын четке какты. Түрк тышкы иштер министрлиги Грецияга катуу каршылык көрсөттү. Маалыматта : «Демократиялык тартипти бутага алган, 248 жаранды шейит кылган, 2193 киши жараланган козголоң кыймылында активдүү роль алган жана урматтуу президентибизге  кол салууга аракет кылган кишилердин көз карандысыз түрк сотунун алдына чыгышына тоскоол болгон бул чечимге каршыбыз»,- деп билдирилди.

«Ватан» гезити «- 30 градуста шайтан үч бурчтугунда» аттуу макаласында түрк аскери Түркия  - Ирак  - Иран чек арасы кесилишкен «шайтан үч бурчтугу» деп билинген жердеги Миргесав база аймагында -30 градуста операция жүргүзүп жаткандыгын жазган. Деңиз деңгээлинен 2807 метр бийиктикте кызмат кылып жаткан жана «чек ара бүркүттөрү» деп аталган аскерлер карлардын арасынан жол салып кыймылдуу аймактарды  аткылоодо. Кыйын кыш шарттарында кызмат өтөгөн аскерлер террордук уюм ПККнын аймакта кышкы базасына жана контрабандага сокку уруп,  Ирактагы Хакрук, Калереш жана Ари лагерлеринен келген ПКК террористтеринин өтүшүнө жол бербей жатат.

«Стар» гезити Осман Гази жана Явуз Султан Селим көпүрөсү менен Евразия жана Ылгаз туннелдери сыяктуу чоң проектилерди бүтүрүп кызматка ачкан Түркиянын жаңы бир проектини дагы  баштагандыгын маалымдаган. 1915 Чанаккале көпүрөсүн да камтыган Кыналы  - Текирдаг -  Чанаккале – Саваштепе авто жолу проектисинин 101 километрдик Малкара  - Чанаккале бөлүгүнүн тендери кечээ өткөрүлдү. 14 фирма 4 башка консорциюмдун 10 миллиардды  ашкан сунуш бергендиги, тендерде эң мыкты сунуш кореялык фирмалар Даелим жана СК менен Лимак жана  Йапы Борборунан турган консорциумдан келди.

«Хүррийет» гезити «Тынчтандырган фестиваль» аттуу маалыматында  16 -  Стамбул көз карандысыз кинолор фестивалы бул жылы «Тынчтандырган нерселер» деген темада жолго чыккандыгын жазган. 34 -  өлкөдөн 146 режиссердун жалпы 126 киносу көрсөтүлө турган фестиваль 16 – 26 -  февраль күндөрүндө Стамбулда, 2 – 5 -  март күндөрү да Анкарада жана Измирде кино сүйүүчүлөрдү жолугуштурат.  



Тектеш кабарлар