Түрк басма сөзү 19.08.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

555253
Түрк басма сөзү 19.08.2016

«Хабер түрк» гезити «Канкор террорго бир гана жооп» деген маалыматында мурунку күнү кечинде Ванда бомбалуу унаа менен 3 кишини шейит кылган террористтер кандуу жүзүн дагы бир жолу кечээ Элазыгда көрсөткөндүгүн билдирген. Коопсуздук директорлугуна жасалган кол салууда  3 полиция шейит болуп, 217 киши жараланды. 15 – июлда Фетуллахчы террордук уюмга каршы «бир жүрөк» болгон Түркия эли кечээ террорго каршы биригип, өрттөнгөн имаратка кирип жаралуу полицияларды чыгарды. Башкы штабдын төрагасы менен Элазыгга барган премьер – министрди шаарда оппозициячыл Республикалык партиясынын делегациясы да коштоду.  Йылдырым : «15- июлда болгондой бүгүн да бирдиктебиз»,- деди.

«Сабах» гезити «Кыянаттык жарышы» деген маалыматында козголоңчу Фетуллахчы террордук уюм жеңилүүгө учуроосу менен арага ПККнын киргендигин жазган. Террордук уюм ПКК тузактар менен үч башка облуста : Ван, Элазыг жана Битлисти канга булады.

«Ватан» гезити  «15 – июлга жооп» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде ислам дүйнөсүнүн жарандык коом мекемелери биримдигинин делегациясын кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө акыркы террордук кол салууну улуттук шаңдуу 15 -  июль дастанына жооп кайтаруу катары карагандыгын баса белгиледи. ПКК террорунун артында ФЕТӨнүн бар экендигин түшүнүү кыйын эмес экендигин белгилеген Эрдоган Түркиянын бул террордук уюмдар менен күрөшө ала турганчалык күчтө экендигин айтты.

«Хүррийет» гезити «Кичинекей Үмран дүйнөнү ыйлатты» деген кабарында бүткүл дүйнөнүн Сириянын Халеп шаарында абадан кол салууда өлүмдөн кайткан 5 жаштагы Үмран Дакнеш аттуу сириялык баладан сөз кылып жаткандыгын жазган. Кулаган бир имараттын урандыларынан кутулган Үмрандын тынч турган абалы жүрөктөрдү сыздатты. Үмран өткөн жылы  жансыз денеси Бодрумда жээкке чыккан 3 жаштагы Айлан бөбөк сыяктуу согуштун аёсуздугунун символу болду.

«Стар» гезити «Баш калкалай турган мекенибиз бар»  деген маалыматында Евровидение ыр конкурсунда «1944» аттуу ыры менен биринчиликти алган крымдык татар ырчы Жамала Стамбул концертинде «Ата мекен» аттуу ырын аткарды. Жамала : «Биз мекенибизден башка жерде жашоонун кандай экендигин жакшы билебиз. Мекенибизден алыс, сүргүндө жүрдүк. Бирок биз баш калкалай турган мекенибиздин бар экендигин билебиз. Мекен үчүн каза болгон бардык шейиттерибизди эскерем»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар