Түрк басма сөзү-19.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

474190
Түрк басма сөзү-19.04.2016

«Йени шафак» гезити «Король Анкарадан каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында Сауд Арабиянын королу Селман, АКШ Конгрессине сунушталган жана королдуктун 2001-жыл 11-сентябрда болгон Аль-Каиданын кол салуусуна жооптуу көрүлө турган мыйзам долбоору кабыл алынган учурунда АКШдагы 750 миллиард доллардык байлыгын сата турганы менен коркутуусу, күн тартипке бомба сыяктуу түшкөнүн маалымдаган. Король Селмандын бул каршылык көрсөтүүсүн Ислам Саммити үчүн келген борбор шаар Анкарада жүргөндө АКШнын президенти Барак Обама менен болгон телефондогу сүйлөшүүсү убагында айтканы белгиленди. Экономисттер Рияддын 750 миллиард доллар баасындагы облигация жана бонддорун саткан учурунда доллардын түпкө түшө турганы белгиленген. Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу АКШнын Иран менен жүргүзгөн атомдук сүйлөшүүлөр жана келишимдин себебинен дагы да арткан.

«Сабах» гезити «Мунай зат оту Түркияга жеткен жок» аттуу маалыматында Мунай зат экспорттогон өлкөлөр уюмунун (OPEC) Катардын борбор калаасы Дохада өткөргөн жыйналышында мунай зат сунуштоого чектөө коюла албаганы боюнча токтом чыгарышы менен бирге мунай зат фирмаларында болгон чукул төмөндөө, дүйнөлүк базарларды өрт жерине айландырса, Түркия кечээ позитивдүү болуп чыккан сейрек өлкөлөрдөн бири болгонун белгилеген. Күндү 2 лира 86 куруштан баштаган доллар, андан кийинки сатуулар менен 2 лира 84 куруштун астына түштү. 2 жылдык көрсөткүч облигациянын пайызы болсо 9,32ден 9,11 пайызга чейин түштү. Биржа Стамбул болсо 86 миң 343 балл менен 2015-жылдын 21-майынан бери алгач ирет 86 миң баллдын үстүндө жабылганын белгилеген.

«Ватан» гезити «Жаңы муундагы учкучсуз учуучу унаа» аттуу макаласында Коргоо өнөр жай кеңешчилиги үстүндө иштеп жаткан «оперативдүү учкучсуз учуучу унаа» долбоору үчүн иш-аракетин баштаганын жазган. Кеңешчилик долбоордо колдонула турган системалардын толугу менен улуттук болушу үчүн чакырык таштады. Бул тармактарда иштери болгон фирмалардын долбоорго кошула алуулары үчүн акыркы күн 2-май деп белгиленди. АНКА жана буга окшогон учкучсуз учуучу унаалардан дагы чоң жана дагы күчтүү моторлуу болгон «Operatif İHA» дагы көп убакыт асманда болуп, дагы көп жүк ташый алат.

«Стар» гезити «Экспо-2016 үчүн саналуу күндөр калды» аттуу маалыматында «Гүл жана бала» темасы менен ишин баштаган Түркиянын алгачкы экспосу 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамында элге ачылаары белгиленген. 7-8 миллион кишинин келиши күтүлгөн ЭКСПО-2016 Антальяны 22-апрелде президент Режеп Таййип Эрдогандын ачышы күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезити «Batmobile, Түрк аба жолдорунун реклама ролиги үчүн 3-көпүрөдөн өттү» деген маалыматында өткөн апталарда «Бетмен жана супермен: Адилеттиктин таңы» аттуу тасма менен бүткүл дүйнөдө кайрадан күн тартипке келген супер баатыр Бетмендин легендарлуу автомобили «Batmobile» «Явуз Султан Селим» көпүрөсүнөн өткөнү чагылдырылган. Өткөн айда Түркияга алып келинип көпүрөнүн курулушунда күттүрүлгөн унаанын өтүшү, бир реклама роликтерин тартуу убагында аткарылды. Рекламанын качан бериле турганы жана унаанын кимдин колдоно турганы жарыяланган жок.


Этикеткалар: #Король Анкарадан

Тектеш кабарлар