Түрк басма сөзү 8. 04.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

467241
Түрк басма сөзү 8. 04.2016

«Хүррийет» гезити «Эркин Сирия Армиясы каалганын алды» деген макаласында Түркиянын колдоосун алган Эркин Сирия Армиясы жана Фатх армиясы Сирияда террордук уюм ДЕАШтын колундагы Ел Раи кыштагын алганын билдирген. Килистин Элбейли районунун маңдайында жайгашкан Ел Раи Түркиянын террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнин кирүүсүн каалабаган Азез – Жераблус арасында орун алуусу абдан орчундуу абал. АКШ сөзү болгон жолдон ДЕАШтын чыгарылышында катуу туруп, Түркия болсо ДЕАШтын ордуна өзү колдогон араб жана түркмөн урууларынан турган оппозициячыл топтордун алуусун каалап жаткан.

«Йени шафак» гезити «47 эненин үнү» деген макаласында үч жылдан бери Асад күчтөрүнүн курчоосу астында болгон Сириянын Дерая шаарындагы 47 аял коомчулукка билдирген ачык катта жакынкы убакта жардам келбесе балдарынын жана жакындарынын ачкачылыктан каза болушуна күбө болуу боюнча эскертишкендерин жазган. Кат : «Жакын же алыс болсун, катты көргөндөр чукул түрдө жардамга муктаж экенибизди билишсин»,- деп улантылган. Аялдар жазган ачык кат менен үндөрүн угузууга аракет кылып, бир канча километр аралыктагы Сада аймагындагы БУУнун Жардам офиси карап турат. БУУна караштуу Адамзаттык карым – катнаштар координациясы үч айдын ичинде жардам алып барылган аймакты курчоо астында деп санабайт. Адамзаттык карым – катнаштар координациясы курчоону карап туруу менен да күнөөлөнүүдө. БУУнун оюна караганда Дамаскта 393 миң киши блокада астында, Курчоону Иликтөө организациясынын билдиргенине караганда сан 1 миллиондон ашуун.

«Стар» гезити «Дүйнө чоңдору тандаган өлкө Түркия» деген макаласында Түркия чет элдик инвесторлорунун көздөгөн жери болууну улантууда. Түркияга инвестиция салган фирмалардын арасында Тойота, канадалык Бомбардилер, Mercedes-Benz, кореялык Hyundai сыяктуу автомобиль фирмалары орун алып, немис HOMES, Түркияда кыймылсыз мүлк секторуна 200 миллион евро инвестиция саларын жана Булуң өлкөлөрүнүн чоң инвесторлорунан борбору Катар болгон Retaj Groupтун дагы 700 миллион долларлык инвестиция пландаганын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Түрк илимпоздору Антарктикада» деген макаласында мөңгүлөр менен капталган Антарктикада иликтөөлөрдү жүргүзө турган Түркиянын ар башка университеттерден илимпоздор Аргентинадан жолго чыгып, мурунку күнү континентке барганын билдирген. Түрк тобу аймакта Украинага таандык «Вернадский иликтөө станциясында» украиналык илимпоздор менен 15 күн бирге иштешет. Станцияда Украина менен бирге түрк желеги да желбирей баштады.

«Ватан» гезити «Шаарга айлануу менен шаарлар марка болот» деген макаласында Стамбулда өткөрүлгөн марка шаарлардын Түркия экономикасына кошкон салымын арттыруу максатында бул жылы биринчи жолу өткөрүлгөн Марка шаарлар саммитине Стамбулдун тамгасын басканын жазган. Шаарлардын маркалашуусунда кол койгон фирмалар катышкан саммитте шаарлардын Түркияда марка потенциалы болгон шаарлар жана жасалуусу керек болгондор сөз болду. Стамбулдун Түркиянын эң негизги марка шаары экендиги боюнча жыйынтык чыккан саммитте Анадолу шаарларынын потенциалына көңүл бурулду. Айрыкча шаарга айлануу процессинин жаңы марка шаарларды жаратаары белгиленди.



Тектеш кабарлар