Түрк басма сөзү-02.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскач амалаымттар.

426590
Түрк басма сөзү-02.02.2016

«Сабах» гезити «Президент Эрдоган курулушчуларга Чили багытын көрсөттү» аттуу маалыматында Латын Америкасы сапарына чыккан президент Эрдоган, Чилиде түрк ишкерлеринин сектордук жактан өздөрүнүн өнөктөштөрү менен карым-катнаштарын бекемдөөсү маанилүү экенин айтканын баяндаган. Эрдоган: «Бул жерлерде кен иштетүү жана жез маанилүү экен. Бул сектордо биздин да ишкерлерибиз бар. Ал эми ишкерлерибизди бул жерге киргизишибиз керек. Ал темада да эгерде демилгечи фирмаларыбыз бул жердин инфраструктурасы жана курулуштары менен алектенишсе, алар да бизге оң жыйынтык алып келет деп ойлоймун»,-деди.

«Стар» гезити «Шимшек Түркия, периште инвестициясында супер лигада» аттуу маалыматында экономика боюнча жооптуу министр Мехмет Шимшек «жеке кишинин катышуу капиталы» катары билинген периште инвестициясына колдоо көрсөтүүдө Түркиянын бир топ өнүккөн өлкөнүн арасында алгачкы орунда турганын белгилеп, Түркия периште инвестициясы менен акыркы эки жылда таанышканына карабастан бул тармакта берген колдоосу менен супер лигада»,-дегенин баяндаган. Анда периште инвестициясынын Түркия жана дүйнөдөгү абалына байланыштуу ачыктоолорду жасаган Шимшек, периште инвестицияга камсыздалган колдоо менен Түркиянын Англия, Италия, Испания, Германия, Франция, Сингапур, Израиль жана АКШнын айрым штаттарын артта калтырганын жарыялады. Казынанын алгачкы 5 жылында 625 лицензиялуу инвесторго жетүүнү максаттаганы эске алынганда ушунчалык кыска мөөнөттүн ичинде 347ге жетүүсүнүн ыраазы кылуучу болгонун белгилеген Шимшек, «Жалпы инвестиция көлөмү 7 миллион лирага жакындады. Быйыл Европа инвестиция фонду менен биргелешкен инвестиция фондун процесске киргизебиз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия Орус жүк ташуучу машиналарына тыюу салуу киргизди» аттуу маалыматында Түркия түрк фирмаларына жана ишкерлерине тынымсыз чектөөлөрдү киргизгенинин себебинен аларга каршы чектөө киргизгенин маалымдаган. Анда Орусиянын жүк ташуучу машиналарынын Түркияга кирүүсүнө тыюу салынганы, жүк ташуучу машиналардын 2016-жылдын 31-январында бүткөн ташуучу уруксат документтеринин жаңылана албаганы белгилүү болду.

«Хабер түрк» гезити «Германия жана Франция, Укриананы колдойт» деген маалыматында Германиянын канцлери Ангела Меркель Украинанын президенти Петро Порошенко менен Федералдык премьер-министрлик имаратында жолукканын жазган. Анда биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында Меркелдин Германия жана Франциянын эки өнөктөш өлкө катары Украинаны колдогондорун, ошондой эле Германиянын Ураинанын экономикасына кошкон салымынын быйыл да улана турганынынын белгисин бергенин маалымдаган.

«Ватан» гезити «Качкарларда Хелиски толкундануусу» аттуу маалыматында тик учарлар менен лыжа спорту Хелискинин Түркиядагы борбору абалына айланган Качкар тоолорунда сезон ачылганын белгилеген. 2 тик учар менен башталган Хелиски толкундануусу 4 жумага уланмакчы. Качкар тоолоруна акыркы 9 жылда арасында Франция, германия, Швеция, Испания, Швейцария, канада, АКШ жана Орусиядан 3 миңдей спортчу келген.



Тектеш кабарлар