Түрк басма сөзү-10.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

391090
Түрк басма сөзү-10.10.2015

«Ватан» гезити «Тышкы иштер министрлиги НАТО аскерлерине муктаждык жок экенин жарыялады» аттуу макаласында Тышкы иштер министрлиги НАТОнун «Орусиянын коркутуусуна каршы Түркияга 13 миң кишилик күч жөнөтө алабыз» деген билдирүүсүнө, «ушу тапта мындай талабыбыз жок» деген жоопту бергенин жазган.
«Миддийет» гезити «Пири Рейс суу астынан сүзүүчү кемеси курула баштады» аттуу маалыматында Түрк деңиз күчтөрүнүн жаңы моделдеги суу асытнан сүзүүчү кеме долбоорунун алгачкы чыгарылышы боло турган ТР пир Рейс атындагы суу астынан жүрүүчү кемесинин алгачкы ширетүүсү башталганын жазган.
«Йени шафак» гезити «Сулеймандын жардамчысы Халебде өлдү» аттуу маалыматында Ирандын чет өлкөдөгү аскердик чалгнындоо жана согушкер операцияларын башкарган Иерусалым армиясы командири Касым Сүлеймандын жардамчысы генерал Хүсейин Хамедани халебде өлтүрүлгөнүн мааалымдаган. Гезит ДЕАШты бомбалоолор убагында каза тапкан Хамеданинин, Сирия армиясына да кеңешчилик кылууда экенин, Хизбуллахтын өлкөдөгү операцияларын башкаргандыгын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «4 дөңгөлөк тартат Адапазары» аттуу маалыматында Тойотанын 2 жылдан бери Түркияда өндүрүлүшү күн тартипте болгон кичине SUV(4x4) үлгүсүндөгү унаасы үчүн расмий ачыктоо жасаган президент Режеп Таййип Эрдогандын Япониядан кайтып келе жатканда Адапазарында 2016-жылдан баштап менен катар 450 миллион доллардык инвестиция менен жаңы SUV(4x4) өндүрүлө турганын айтканын жазган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар