Түрк басма сөзү-30.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

371884
Түрк басма сөзү-30.08.2015

«Йени шафак» гезити «Быйыл 4 пайыз өсөбүз» аттуу маалыматында премьер-министрдин экономика боюнча жооптуу орун басары Жевдет Йылмаздын Түркиянын өсүү графигинин алдыбыздагы мезгилде улам көбөйүп өсө турганын айтканын жазган.
Гезит айрым эл аралык чөйрөлөрдүн Түркияда бийликке каршы атайылап күчтөн тайдыруу жана начарлатуу саясатын жүргүзүп жатканына көңүл бурган министр Йылмаздын, Түркиянын экономика, саясат жана демократиялык тармакта ишеничке ээ болгон өлкө экенин баса белгилегенин баяндаган.
«Миллийет» гезити «Түркиянын дүйнөгө 75 мурасы» деген маалыматында Түркиянын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде 15 маданият жана жаратылыш байлыгы болгонун жазган.
Гезит ошондой эле 60 чыгарманын убактылуу тизмеде орун алганын, Түркиянын маанилүү байлыктары Селимие мечити, Немрут тоосу, Дивриги Улуу Жами жана Эфес байыркы шаары сыяктуу 75 байлыгынын жазуу жана сүрөттөрү сентябрда «Түркиянын кереметтери» апттуу китеп менен окурмандарынын назарына сунуштала турганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Тохма каньонунун шыпаа борбору» аттуу макалада Малатиянын Даренде районундагы Тохма каньонунун ичинде орун алган Кудрет бассейининин жылдын 4 мезгилинде тең туруктуу болгон 22 градустук жылуулугу жана күкүрттүү суусу, тери ооруларынан баштап ревматизмге чейин айыктыраары орун алган.
Гезит каньонго туристтер аябай кызыкканын, жарыктандыруусу болгон бассейнге түнкүсүн да түшүшкөнүн жана аймакка келген туристтер «мындай жер дүйнөдө башка эч бир жерде жок» деп айтышаарын маалымдаган.
«Сабах» гезити Түркиядагы шамал турбинасы Европанын көздөгөнү болду» аттуу маалыматында Стамбул Юстиция сарайынын чатырына электр өндүрүү максаты менен курулган шамал турбинасы, Парижде боло турган технология конференциясына чакырылганын жазган.
Гезит конференцияда проект таанытылаарын,эирбус жана IBM сыяктуу дүйнөгө таанымал фирмалар орун алган 28 гана долбоор катышаарын, бул шамал турбинасы энергияда абдан үнөмдөөнү камсыздаганы менен алдыга чыкканын баяндаган.
«Стар» гезити «Итальян модачыдан түрк аялына мактоо айтылды» деген маалыматында Шэрон Стоун, Наоми Кэмпбелл сыяктуу атактууларды кийиндирген дизайнер Гай Маттиоло түрк аялына «намыскөй, татыктуу, симпатиялуу көз караштагы аялдар» деген сөздөрү менен мактоо жаадырганын баяндаган.
Гезит акыркы жылдарда моданын маанилүү аялдамаларынан болгон Стамбул, атактуу дизайнерди тосуп алаарын жана Маттиолонун да 2016-жылдын күзүндө кышкы чыгарылыштарын тааныта турганын маалымдаган. Анда атактуу дизайнердин Түркияга келгенинин себеби да түрк аялдары болгонун айтканы орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар