Түрк басма сөзүт 29. 08. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

371262
Түрк басма сөзүт 29. 08. 2015

«Стар» гезити «Ливандагы таштанды кризисин Түркия чечет» деген маалыматында Ливандын премьер – министри Теммам Селам өлкөдө саясий кризиске себеп болгон таштанды маселесинин чечилүүсү үчүн премьер – министр Ахмет Давутоглуна телефон чалганын, жардам талабы боюнча түрк адистер Бейрутка барууга даярданып жатканын жазган.
«Сабах» гезити «Ирак менен экинич жаз» деген маалыматында Түркиянын эң чоң экспорт базарларынан Ирак менен соодада жаңы бир бет ачылып жатканын жазган. Кайра курулган Түрк – Ирак иш кеңешинин кыймыл планы белгиленгенин жазган. Түркиянын экинчи чоң экспорт базары болгон Ирак менен декабрь айынын биринчи жумасынан баштап бири бирине карата зыяраттар башталат. Биринчи этапта Ирактан курулшчуларга карата төлөмдөр төлөнөт. Андан кийин Ирак – Түркия эркин соода аймагы курулат. Акыркы баскычта болсо эки өлкөнүн ортосунда жарманке жана башка иш чаралар кеңейтилет.
«Хабер түрк» гезити «Катар менен кызматташтыгын өстүрөт» деген маалыматында Биржа Стамбул жана Катар Биржасынын ортосунда эки биржанын арасындагы кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге алып бара турган макулдашууга кол койду. Дохада кол коюлган, узун мөөнөттүү иш карым – катнаштарынын пайдубалынын түптөлүшү максат кылынган макулдашуу маалымат жана адистиктерди да камтууда.
Түркия жана Катардын капитал базарларынын өнүктүрүлүүсү үчүн биржалардын иш чаралары жана базарлар тууралуу пикир алышуулардын болушу максат кылынууда.
«Миллийет» гезити «Түрк долбоорчусунан протатив баш калкалоочу жерлер» деген маалыматында түрк долбоорчу Хакан Гүрсу курган Designnobis фирмасы табигый апааттардан таасирленгендер үчүн протатив баш калкалоочу жерлерди кура баштаганын жазган. Тышкы таасирлерге каршы чыдамдуу жерлер жабыр тарткандарга үмүт болот.
«Хүррийет» гезити «Футболдун жаңы экспортчусу Түркия» деген маалыматында 9 - июнда башталган жана 31 - августта аяктай турган трансфер сезонуна бул жылы түрк командалары тамгасын басканын жазган. Дүйнөнүн эң көп футболчу саткан биринчи 10 өлкөсүнүн арасына кирген Түркия өлкө тышына саткан оюнчулардан 68 миллион евро киреше алды. Өлкө тышына футболчу сатууда Фенербахче рекорд кирешеге жетишип, Бешикташ жана Бурсаспор да бул сезондо футболчу кирешеси эң жогору болгон клубдардын башында турат. Түркиядан эң көп футболчу трансфер кылган өлкөлөр болсо Катар, Дубай жана Испания болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар