Түрк басма сөзү 24.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

340120
Түрк басма сөзү 24.08.2015


«Йени шафак» гезити «Жакырлар түрктөрдөн жардам күтүүдө» деген макаласында курман айт майрамына даярдыктарын аяктаган түрк жарандык коомдук уюмдары 3 миллион кишиге жардам таркатууну максаттап жатканын жазган. 23 жылдан бери үзгүлтүксүз жардам алган муктаждыгы барлар болсо түрк жарандыктык коомдук уюмдарынын жолун карап жардам күтүп жатышат. Гуманитардык жардам фонду, Түркия Диянет фонду, Тилектештик коому, Жардам көрсөтүү коомдору башында турган мекемелер эң оболу жарандык согуштан жапа чеккен жана жакыр өлкөлөргө жардам алып барышууда.

«Сабах» гезити «Акыркы көчмөн урууларына жардам» деген макаласында Анадолуда жүздөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан көчмөндүк салтынын оор жашоо шарттарынын себебинен тарыхка калып баратканын жазган. Түркияда социалдык жана экономикалык шарттар өзгөргөндүктөн көпчүлүгү отурукташуу жашоосуна өткөн көчмөн урууларынын акыркы өкүлү болгон сарыкечиликтер, салт-санааларын улантууга аракет кылышууда. Экология министрлиги 200 түтүн калган сарыкечилик уруусунун баш калкалоосу үчүн курулуш жерин белгиледи.

«Сабах» гезити «Массачусетс технология институтунун тизмесинде үч түрк бар» деген маалыматында Массачусетс технология институту жыл сайын дүйнөдөгү мыкты илимпоздордун тизмесин жарыялаганын жазган. 2014-жылы бул тизмеге Түркиядан жалгыз Дерья Кузум кирген. 5 башка категориядагы 2015-жылдын тизмесинде болсо Түркиядан 3 аял илимпоз орун алды.

«Хүррийет» гезити «15 мүнөттө Гөзтепеге жетүүгө болот» деген маалыматында Европа менен Азия материктерин деңиздин астынан бириктирген авто жол сала турган Евразия долбоорунда тоннель казуу иштери аяктагынын билдирген. Стамбулдагы Босфор кысыгынын астынан 3 миң 344 метрдик казууну ишке ашырган долбоор, 100 мүнөттүк аралыкты 15 мүнөткө түшүрөт.

«Хабер түрк» гезити «Синем Алтан Европанын эң мыкты композитору сыйлыгын алды» деген маалыматында Германиянын борбору Берлинде жыл сайын өткөрүлгөн «Young Euro Classic» музыка фестивалынын алкагында берилүүчү «Европанын эң мыкты композитору» сыйлыгы Синем Алтанга ыйгарылганын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар