Түрк басма сөзү-2.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

311727
Түрк басма сөзү-2.08.2015

«Йени шафак» гезити «Түркияны үлгү кылып алгыла» аттуу макаласында Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Европа кеңсесинин директору Винсент Кошетель көчмөн жана качкындардын Грецияда алгачкы токтогон жери болгон Эгей аралдарындагы абалдары уят кылуучу болгонун белилеп, баш калкалоочулар темасында Түркиянын эң мыкты үлгү болгонун айтканын баяндаган.
Гезит Түркиянын ар кайсы жерлеринде көп сандаган баш калкалоочуну бага алган лагерлерди курганын сөз кылган Кошетелдин, бул лагерлердеги кызматтардын абдан жакшы экендигин маалымдаганын жазган.
«Ватан» гезити «Стамбулда конгресс саны 280 пайыздан ашты» деген маалыматында Стамбулдун конгресс жана турист кеңсесинин башкы директору Өзгүл Өзкан Явуз, Стамбулда салынган конгресс санынын акыркы 10 жылда 280 пайыз өскөнүн маалымдаганын билдирген.
Гезит Стамбулдун өткөн жылы уюштурулган 130 конгресс менен бул тармакта дүйнөдө 9-орнду ээлегенин айткан Явуздун, «Акыркы 4 жылда дүйнөнүн алдыңкы 10 конгресс шаарынын арасында орун алган Стамбулдун, 75 миң 864 делегатты тосуп алуу менен дүйнө сегизинчиси болду»-деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Тынчтык үчүн 1915 кулач» деген маалыматында Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгынан улам Түркиянын улуттук олимпиада комитети тарабынан Гелиболу жарым аралындагы Анзак булуңунда уюштурулган иш-чарада, жергиликтүү жана чет элдик 750 спортчу тынчтыкка көңүл буруу үчүн согуштар болгон жылга арнап «1915» метрге сууда сүзүшкөнүн маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Карстензди да багындырды» деген маалыматында АКШдагы Сан-Франциско мамлекеттик университетинде окутуучу болгон дц.др.Гүлнур Тумбат, океанда орун алган 4 миң 884 метрдик Карстенз чокусуна чыга алганын маалымдаган.
Гезит Түштүк Американын эң бийик чокусу Аконкагуага жана Түндүк Американын эң бийик чокусу Мак-Кинлиге чыккан түрк айымы наамына ээ болгон Гүлнур Тумбат, ошондой эле бийик чоку Картензге чыгып наамын улантканын белгилеген.
«Сабах» гезити «Ысык, абдан ысык!» аттуу маалыматында синоптиктер август айы бою ысык аба ырайы мезгилдик температурадан жогору боло турганын белгилешип, Анадолуда абанын температурасынын 44 градустан аша турганын, абанын нымдуулугу да 80-90 пайызга жете турганын белгилешкенин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар