Түрк басма сөзү 18. 07. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

381773
Түрк басма сөзү 18. 07. 2015

«Стар» гезити «Улуттук жүргүнчү учагынын мотору да жергиликтүү болот» деген макаласында премьер – министр Ахмет Давутоглунун 27 - майда тааныткан жана 2019 - жылы көктө болуусу максат кылынган Түркиянын алгачкы жергиликтүү аймактык учагынын моторунун да жергиликтүү болорун жазган. Түрк инженерлери тарабынан долбоорлоно турган жергиликтүү учактын мотор технологиясы мамлекеттик сыр катары сакталат. Инженерлер аз күйүүчү май каржоо менен жогорку перформансты көрсөтө турган жана эң негизги өзгөчөлүк катары коопсуздукту алдыга чыгарган мотор чыгарат.
«Хабер түрк» гезити «Өнөр жай шамал менен чыгымды азайтат» деге маалыматында өкмөт көп электр каржаган өнөр жай комплекстеринин энергетика каржоолорун азайтуу жана өз электрин өндүрүүсү үчүн аракетке өткөнүн белгилеген. Өнөр жай комплекстери лицензиясыз күн жана шамал станцияларын кура алышат. Бул жол менен жаңыланууга боло турган энергия булактарынын колдонулуусу, экологиянын сакталуусу жана энергетикада тышка көз карандылыкты азайтуу максат кылынууда. Мындай комплекстердин курулушуна байланыштуу иштердин жеңилдетилүүсү да максат кылынууда.
«Йени шафак» гезити «Денизлинин сүлгүсү дүйнөнүн көңүлүн бурууда» деген маалыматында Денизли текстилчилери бат кургаган, сууну сиңирип алган, ичинде пахта жана жибек болгон аралашмалар менен салттык методдор менен чыгарган сүлгүлөр менен дүйнө базарынан орун алганын жазган. Өткөн жылы "Turkish Towels" концепти менен түрдүү өлкөлөрдө таанытылуусу башталган сүлгү үчүн бул жылдын экинчи жарымынан баштап дүйнөнүн көптөгөн белгилүү мейманканасында жана дүкөндөрүндө бурчтар түзүлөт.
«Миллийет» гезити «Истиклал Ройтерстин эң жакшыларынын арасында» деген маалыматында Ройтерс кабар агенттиги инстаграм эсебинде ушул күнгө чейин эң көп бөлүшүлгөн жана жактырылган 20 сүрөттү жарыялады. Стамбулдан кардуу Истиклал проспектисинин фотографиясы 18 - орунду алды. Фотография «Адамдар суук жана карга каршы Истиклал проспектисинде басып жүрүшөт» деген темада берген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар