Түрк басма сөзү-12.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

379195
Түрк басма сөзү-12.07.2015

«Сабах» гезити «13 жылда экспорт 13 пайыз өстү» аттуу макаласында экономика министри Нихат Зейбекчинин акыркы жылдардагы экономикага баа берип, өткөн жылы экспорттун 3,8 пайыз өскөнүн айктанын маалымдаган.
Гезит Зейбекчинин: «Түркия дүйнөнүн бардык энергетика жана чийки зат булактарынын, ишеничтеринин, соода жана маданият жолдорунун кесилишкен жеринде орун алган. Ушул себептен абдан чоң мүмкүнчүлүгү болуу менен бирге маселелерге да туш болууда. А бирок аймагыбызда коопсуз жер болуубузду улантуудабыз»-деп айтканын баяндаган.
«Ватан» гезити «Жыл сайын 50 миң турист көз үчүн келүүдө» деген маалыматында саламаттык сактоо туризми күн өткөн сайын жогорулап бараткан Түркияда жыл сайын миңдеген чет өлкөлүк турист, көз ооруларынын дарыланышы үчүн келип жатканын белгилеген.
Гезит бул тандоонун башкы себеби ылайыктуу баа, сапаттуу кызмат жана дарылоодо колдонулган жаңы технология экендигин, дарылануу үчүн Түркияга келген туристтердин өлкөлөрүнө салыштырмалуу 50-60 пайыз дагы аз акча төлөгөнүн жана каалашса бардыгы ичинде камтылган пакеттен пайдаланып эс ала да алышканын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Сиваста «Хоббит» айылы» деген макалада Сивас мэриясы дүйнөдө көп көрүлгөн «Шакектердин мырзасы» жана «Хоббит» сериалуу тасмасындагы «Хоббит» каарманы жашаган үйлөрдөн илхам алып шаардын борборуна 5 км алыстыкта орун алган Пашабахче жайлоо аянтына жар боорчук үйлөрүн салдырганы жана тоонун ичинде көмүлгөн сыяктуу долбоорлонгон үйлөр тыгыз кызыгуу тартканы маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «Грецияны Түркия куткарат» аттуу маалыматында Европа Биримдигинин чоң балыктары тарабынан жутулуу коркунучунда турган Грециянын кутулуу жолун издегенин жазган.
Гезит Чикаго университетинен профессор Том Гинзбургдун, «Афина түрк лирасына өтсүн» деген маалыматын берсе, грек академиги Димитрий Кистикистин: «Грецияны кыйроодон жалгыз Түркия куткара алат. Грециянын ЕБне кирүүсү жаңылыштык болгон. Дароо бөлүнүп Түркия менен биримдик түзүүсү керек»-дегенин баяндаган. Айрыкча Кистикис Грециянын финансылык жана экономикалык саясттарынын Түркия тарабынан жазылышын сунуштады.
«Стар» гезити «Жаныбардын кыгынан мунай зат өндүрдү» аттуу маалымтанда Балыкесирдин Гөнен районунда курган ишканасы менен жаныбарлардын кыгы, саман, жалбырак, тал, мөмөлөрдүн кабыгы, жашылчалардын калдыгы, күрүчтүн сабы сыяктуу таштандылардан мунай зат өндүргөн Алтажа тобу, алгачкы интеграциялык ишканасын салганын баяндаган.
Гезит фирманын максатынын Түркияда 200 ишкана куруу экенин маалымдаган. Анда Гөнендеги ишкананын 400 тонна таштандыны жок кылып көл, деңиз, жер астындагы суулар жана айлана чөйрөнү булгануудан сактаганы орун алган. Жооптуулар Түркиянын таштандыларынын 20 пайызы колдонулган учурунда муктаждык болгон мунай заттын 20 пайызы камсыздала турганын белгилешкен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар