Түрк басма сөзү 19.06.2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

310448
Түрк басма сөзү 19.06.2015

«Йени шафак» гезити «Демократия деген сөздү сүйлөбөгүлө» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Египетте Мурсини өлүм жазасына тартуусун айыптап дүйнөнү аракетке өтүүгө чакырганын жазган. Эрдоган шейит жакындары менен ардагерлерге берген Рамазандын биринчи ифтарында сүйлөгөн сөзүндө : «Бул мезгилде Мурсиге каршы зомбулукчулардын жанында орун алган кишилердин демократия, эркиндик, адилеттиктен сөз кылуу укугу болбойт. Биз бул адилетсиздикке каршы күнөөсүздөрдүн, укуктун жана адилеттиктин жанында орун алууну улантабыз»,- деди.
«Хабер түрк» гезити «Үнсүздүгүңүздөр Европага жыйынтык алып келет» деген макаласында Европа Биримдиги министри Волкан Бозкыр гуманитардык жардам жана кризисти башкаруудан жооптуу Европа Бирмидиги комиссары Христос Стилианидес менен Европа коңшулук саясаты жана кеңейүү борборлорунун жооптуусу Европа Биримдиги комиссары Йоханнес Ханга Түркиянын Сирия чек арасында болгондор жана баш калкалоочу маселесине байланыштуу кат жибергенин билдирген. Бозкыр катында Түркияда 25 лагерде 260 миң сириялыктын, лагер тышында да 2миллион Сирия жана иракытктын муктаждыктарынын камсыздалганын белгилеп : «Бул абалдын Түркияга финансылык жүгү 6 миллиард долларга жакындады. Сириядан келген көчмөндөрдүн чыгымын бир гана Түркиянын моюнга алуусун күтүү мүмкүн эмес жана адилеттүү болбойт. Эл аралык коомдун маселеге карата кыймылсыздыгынын, аймак өлкөлөрүнө болгондой Европага да түздөн түз жыйынтыгы болот»,- деди.
«Стар» гезити «Жарманкелердин эң кубанычтуусу ATRAX 2015 үчүн артка саноо башталды» деген макаласында 3 – 5 - декабрда Стамбулда 4 - жолу каалгаларын ача турган ATRAX көңүл ачуу секторунун профессионалдарын жолугуштурат. Жарманке Түркия менен бирге чоң көңүл ачуу проектилери ишке ашырылган Жакынкы Чыгыш, Балкандар, Кавказдар, Африка, Орусия, Түрк республикалары жана Европа өлкөлөрүнөн сектор профессионалдарына жана инвесторлоруна жол көрсөтө турган бир платформа болот жана жаңы кызматташтыктарына чөйрө түзөт.
«Миллиет» гезити «Бельгиянын waffleна Сакариядан атаандаш чыкты» деген маалыматында Элван группасы 30 миллион долларлык инвестиция менен Сакарияда waffle, вафля өндүрө турган 3 комплекс курду. Элван группасынын төрагасы Хидайет Кадироглу Today Waffle маркасы менен өндүрүшкөндөрүн белгилеп : «Голландия – Бельгия классикасы болгон Caramel Waffleды Түркияда биринчи болуп биз өндүрө баштадык. Продукцияны өзүбүздүн табитибизге жараша чыгардык»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Жесси Ж экинчи жолу келет» деген маалыматында поп дүйнөсүнүн жылдызы Жесси Ж түрк угармандары менен жолугушууга даярданып жатканын жазган. Экинчи жолу Түркияга келе турган ырчы 3 - июлда Стамбулда концерт берет. Жылдыз концертинде "Bang Bang", "Price Tag" аттуу белгилүү ырларын аткарат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар