Түрк басма сөзү-18.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

308931
Түрк басма сөзү-18.06.2015

«Ватан» гезити «Шерпалар Мугланын Бодрум районунда» аттуу макаласында Түркия кезектешкен башкаруучулугун милдеттенген Чоң жыйырмачылыктын (G20) ноябрь айында Антальяда боло турган лидерлер саммитинин даярдык иш-чаралары ар башка шаарларда жыйналыштар менен уланып жатканын баяндаган.
Гезит вице-премьер Али Бабажан, Чоң жыйырманын шерпалары (мамлекет башчыларынын өкүлдөрү) жана кеңешчилери чогулган жыйналышта айымдардын экономикага дагы активдүү катышуусун колдоого алган мамиле менен экономикалык өсүүнүн дагы сапаттуу абалга келе турганын баса белгилеп, Түркия тарабынан түзүлүшү сунушталган «Women-20» аттуу платформага колдоо көрсөткөнүнөн улам Чоң жыйырма өлкөлөрүнө ыраазычылык билдиргенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Аталардын мурасы ТИКАга аманат» аттуу маалыматында Түрк кызматтыштык жана координация агенттиги (ТИКА) Македонияда Осмон мурасы «Султан Мурат», «Үскүп Алажа» жана «Сарай Хүсейин Шах» мечиттерин рестоврация кыла турганын белгилеген.
Гезит мечиттердин рестоврациясы эки жылдын ичинде бүтүрүлө турганын, Манастр шаарында орун алган жана рестоврациясы бүтүрүлгөн «Исхакие мечити» да Рамазан айынын ичинде сыйынууга ачыла турганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Рамазанда аянттар иш-чаралар менен түркүн түскө бөлөнөт» деген маалыматында Рамазан толкундануусу бүтүндөй өлкөнү кучагына алганын жазган.
Гезит мэриялар Рамазан иш-чаралары менен алектенсе, Анкаранын Кечиөрен районунда уюштурулган иш-чараларда Косово,, Ооганстан, Ирак, Сенегал, Өзбекстан, Босния-Герцеговина, Судан, Кыргызстан, Палестина, Тунис, Марокко, Иран, Азербайжан, Казакстан, Крым, Украина да арасында болгон 20 өлкөдөн келген коомдор курулган 60 чатырда товарларын көргөзмөгө коюп сата алгандарын баяндаган. Анда мекендештер сахна көрсөтүүлөрү, илахилер жана музыка топтору, семазендер, кукла көрсөтүүлөрү менен убакыт өткөргөнү белгиленген.
«Стар» гезити «Флоренцияда түрк жарашыгы» аттуу маалыматында Италиянын байыркы шаары Флоренцияда уюштурулган мода жарманкесине дүйнөнүн бир топ шаарынан 150 марка катышканын белгилеген.
Гезит эртең соңуна чыга турган жарманкеде дефилелер менен жаңы жарашыктуу кийимдер ийгиликтүү чагылдырып, чоң мода шоуго сахна болгонун, Түркиядан эркек кийиминин популярдуу маркалары чакырылганын белгилеген. Гезит түрк маркалар долбоорлорун дүйнө модасы да байкаган профессионалдарга ийгиликтүү тартуулаганын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Нидерландиянын идол аялы бизден бири» аттуу маалыматында Бейонсе жана Мадонна сыяктуу дүйнө жылдыздары тарабынан тандалган «SuperTrash» аттуу мода маркасынын долбоорчусу Олжай Гүлшен Нидерландияда аялдардын журналы ‘Vrouw’ окурмандары тарабынан сыйлыкка ылайык көрүлгөнүн маалымдаган. Гезит Гүлшен жыл сайын өткөрүлгөн сурамжылоолордо нидерландиялык аялдардан рекорддук деңгээлде добуш алып мода жана иш дүйнөсүнүн идол аялы болуп тандалганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар