Түрк басма сөзү-11.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

301503
Түрк басма сөзү-11.06.2015


«Сабах» гезити «Ири инвестициялар Түркияны дүйнө экинчилигине айлантты» аттуу макаласында акыркы жылдарда удаама-удаа аткарылган ири инвестициялар Түркияны эл аралык аренада да туу чокуга чыгарганын жазган.
Гезит дүйнөлүк банк Түркиянын өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн арасында мамлекет-жеке менчик сектор кызматташтыгында эң көп инфраструктура инвестициясын салган экинчи өлкө болгонун жарыялаганын белгилеген. Анда Дүйнөлүк банктын 139 өнүгүп бараткан өлкөнү камтыган "2014-жылдын дүйнөлүк мамлекет-жеке менчик сектордун биргелешкен инвестициялары» атуу отчетунда Түркия Бразилиядан кийин экинчи орунга жайгашканы маалымдалган.
«Йени шафак» гезити «Германия жана Франциядан ашып өттүк» деген маалыматында үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 2,3 пайыз өскөн Түркия, Европанын эң ылдам өскөн өлкөлөрүнүн арасында орун алганын жазган.
Гезит Бул мезгилде Германия 1 пайыз, Франция 0,7 пайыз өсө алганын, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр орто эсеп менен 1,5 пайыз өскөнүн баяндаган. Гезит күтүүлөрдүн үстүндө өскөн Түркия ушундайча 22 чейректен бери үзгүлтүксүз өсүүсүн улантканын, биринчи чейректе 577 миң киши жумуш менен камсыздалганын, Европада болсо жумуштан чыгаруу толкуну жайылып жатканын маалымдаган.
«Миллийет» гезитинде жарык көргөн «Түрк кофесине даам сыйлыгы» аттуу макалада түрк кофеси, борбору Брюсселде орун алган Эл аралык даам жана сапат институту (iTQi)тарабынан укмуш даам жана сапаттагы тамак жана суусундуктарга берилген жогорку даам сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн жазган.
Гезит жогорку даам сыйлыгы (iTQi) тарабынан 150дөн ашуун гурман, ашпозчу, суусундук адиси жана академиктердин баа берүүсүнүн жыйынтыгында берилээрин маалымдаган. Анда түрк кофеси башкача кофе данектери жана атайын аралашма менен жасалганы орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Алтын медаль үчүн чабуул» аттуу маалыматында Венгрия жана Румыниянын биргелеше өткөргөн Европа аялдар арасында баскетбол чемпиондугунун үчүнчүсү бүгүн башталып жатканын жазган.
Гезит чоң турнирде 2011-жылы Польшада күмүш, 2013-жылы Францияда кол медалга ээ болгон Түркия командасы, Румыниянын Орадеа шаарында боло турган турнирде «Б» тайпасында Греция, Польша, Беларусь жана Италия менен беттешээри орун алган. Түркия командасы Орадеа Алекс залындагы биринчи оюнун кечинде Польша менен ойнойт.
«Стар» гезити «Винус Уильямс 10 жылдан кийин Стамбулда» аттуу маалыматында 20-26-июль күндөрүнүн арасында Стамбулда боло турган 250 миң доллар сыйлыктуу катыша турган теннисчилер жарыяланганын баяндаган.
Гезит 2005-жылы алгачкы туннирден мурда Босфор көпүрөсүндө Ипек Шеноглу менен машыгуу оюнун ойногон Винус Уильямс 10 жылдык мөөнөттөн кийин Стамбулга келип дүйнөнүн 1 номердүү теннисчиси Елена Янкович менен катар Элина Свитолина, Флавия Пеннетта, Роберта Винчи, Франческа Скьявоне, Даниэла Хантухова, Чагла Бүйүкакчай жана Ипек Сойлу менен беттешээри орун алган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар