Түрк басма сөзү 18.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

279414
Түрк басма сөзү 18.05.2015


«Стар» гезити «Түркия өнүгүп бараткан өлкөлөргө үлгү болууда» деген макаласында акыркы жылдарда өнүктүрүү, айыл-чарба, курулуш жана финансылоо, менчиктештирүү сыяктуу тармактарда радикалдуу кадамдарды таштаган Түркиянын айрым мекемелеринин өнүгүп бараткан өлкөлөргө үлгү болгонун жазган. Гезит Түркиянын Орто жана чакан ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү башкармалыгы, Айыл чарба жана элет жерлерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү мекемеси, Иш мекемеси, Менчиктештирүү башкармалыгы жана Турак жай менен камсыз кылуу мекемесин көптөгөн өлкө үлгү катары тандай баштаганын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Балдар китеп окуп жатышат» деген маалыматында Түркиянын басмакана тармагында дүйнөдө 12-орунда турганын жазган. Гезит киши башына 7 китеп түшкөнүн билдирген. Ал эми 7-14 жаш курактагы балдар эң көп китеп окуган топко кирет. Түркиянын Басмаканалар биримдигинин төрагасы Метин Желал Зейниоглу өнүккөн өлкөлөрдө көбүнчө улгайып калгандардын китеп окуганын, балдардын да комьютерлерге кызыккандарын белгилеп: «Түркияда мунун тескерисинче балдар комьютерлерге кызыгышса деле китепти көп окушат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Бодрумга саякат турлары» деген макаласында акыркы жылдарда эл аралык мааниде эс алуучу борбор катары популярдуулугун арттырган Бодрумда, дүйнөгө таанымал отелдердин миллиарддаган лиралык туризм инвестицияларында орун алуу үчүн бири-бирлери менен жарышуусу аймакка туристтерди ташый турган чет элдик операторлорду да кыймылга өткөргөнүн жазган.
Дүйнөдөгү эң чоң саякат агенттиги TUI (Touristik Union International) 7 жылдан кийин Бодрумду кайрадан витринага койсо, Бритиш Аирвейс компаниясы жумалык каттамын 1ден 3кө чыгарды. Өзгөчө немис жана англиялык турситтердин санынын көбөйүшү күтүлүүдө.

«Ватан» гезит «Ихларага атаандаш Женевиз өрөөнү» деген маалыматында Невшехирдин Аванос районундагы Женевиз өрөөнү жаңылангандан кийин Кападокиянын маанилүү өрөөндөрүнүн бири Ихлара сыяктуу туризмдин көздөгөнү болоорун жазган. Теңдешсиз тарыхы жана кооз жаратылышы менен Женевиз өрөөнү Кападокиянын эң эски өрөөндөрүнүн бири жана узундугу орто эсеп менен 5 километр. Византия мезгилинен калган, реставрацияланган үйлөрдү да камтыган бул өрөөн тарыхый Жибек жолунун багытында.

«Сабах» гезити «Анталья туризмине гольф допинги» деген макаласында Европанын эң престиждүү турнирлеринин бири болгон Европа гольф турниринин Түркиядагы бөлүмү 32 өлкөдөн 126 дасыккан аял гольфчунун катышуусунда 17-20-май күндөрүнүн арасында Антальяда өткөрүлө турганын билдирген. Гезит быйыл турнирде жалпы 500 миң евролук сыйлык таркатылаарын жазган. Дүйнөдөгү алдыңкы спорт каналдары түз алып көрсөтүп жаткан турнирдин негизинде түрк туризмине да миллиондогон доллардык таанытуу салымын кошуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар